mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сөөк ашуусунда кар күрткүсүн жана муздан тазалоо иштери уланууда

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 53-45-чакырымындагы Сөөк ашуусунда КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №3 ЖТИнын жумушчулары кар күрткүсүнөн кийин жааган карды тазалоо иштерин улантышууда. Бул жерде тазаланган массанын ордуна кайрадан кар жаагандыктан, күнү-түнү тынымсыз иш уланууда. Жакынкы 5 күн аралыгында 145-чакырымдан 203-чакырымга чейин жол тазаланып, Ак-Шыйрак айылына өтмөк берилет. Карды тазалоодо иштеген жүктөгүчтүн артынан тынымсыз Isuzu май куюучу станциясы келет. Белгилей кетсек: аталган унаанын кабинасында үзгүлтүксүз иштөө үчүн кошумча оператор-которуучу бар. Механизаторлордун карды тазалоого Сөөк ашуусуна жөнөп кеткенине жети күн болду. Жогоруда аталган ашууда жол кызматкерлерине азык-түлүк чек арачылардын жардамы менен жеткирилет. Ошондой эле, Солтон-Сары-Кичи-Каракужур унаа жолундагы №41 ЖТИнын кызматкерлери көпүрөнүн айрым бөлүктөрүндөгү муз каптаган жерлерди кол менен муздан тазалоодо.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы