mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Үрмарал дарыясы аркылуу өтүүчү Талас-Тараз унаа жолундагы көпүрөнүн реконструкциясы 2022-жылдын жазында башталат

2020-жылдын 14-февралында «Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү реконструкциялоо» гранттык долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар  министрлиги менен «Katahira and engineers»  компаниясынын ортосунда көпүрөнү реконструкциялоо долбоорун жана подрядчыга тендердик документтерди даярдоо үчүн консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлган. Консультант тендердик документтерди даярдап, макулдашуу этаптарын аяктады.  Учурда октябрь айында бүткөрүлө турган тендердик процесс жүрүп жатат. Тандалган подрядчы менен ушул жылдын ноябрь айында келишимге кол коюлары күтүлүүдө.  Буга ылайык, бул жердеги курулуш иштери 2022 -жылдын жазында башталат.

Долбоор Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо менен транспорт тармагын жакшыртууга жана Талас-Тараз унаа жолундагы логистиканы жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Андан сырткары  транспорттук инфраструктуранын сакталышына жана региондор ортосундагы ажырымды жоюуга салым кошуу.  Анын алкагында Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (90,5 м),  кирүүчү жолдорду түздөө (1,112 м),  эки жагына тротуарларды уюштуруу (бир жагы 690 м, карама -каршы тарабында 510 м) , дамбаны түздөө (оң жээги 180 м, сол жээги 120 м) пландаштырылууда.

Долбоор Япония өкмөтү тарабынан каржыланат жана аталган долбоорду ишке ашырууга 1.785,000,000 япон йен (16,2 млн. АКШ доллары) бөлүнгөн.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы