mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Республикалык штабдын чечими боюнча Кыргызстандын аймагына чартердик авикаттамдар жана аба транспорту менен жүк ташууларды жүргүзүүгө уруксат берилди

2020-жылдын 20-мартынан, 00 саат 00 мүнөттөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругу расмий түрдө жокко чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасына/нан бардык эл аралык үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн авиарейстерге чектөөлөр киргизилди.

Аба транспорту менен жүк ташуулардан жана Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын чечими боюнча чартердик авиакаттамдардан, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча төмөнкү авиарейстерден тышкары чектөө киргизилди:

— Москва–Бишкек–Москва (“Аэрофлот” коомдук акционердик коому) – жумасына 1 жолу;

— Ош–Москва–Ош (“Авиа Траффик Компани” жоопкерчилиги чектелген коому) – жумасына 1 жолу;

— Новосибирск–Бишкек–Новосибирск («Авиакомпания «Сибирь» ачык акционердик коому) – жумасына 1 жолу.

Өкмөттүн бул чечими Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 16-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” жана “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, калктын саламаттыгын сактоо, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирусттук инфекциянын (COVID-19) кириштн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча чараларды камсыз кылуу максатында кабыл алынды.