mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Президент Садыр Жапаров Бишкек-Кара-Балта унаа жолун толук реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин айтымында, учурда Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун жалпы узундугу 52,5 чакырымдан калган 7,4 чакырымын реконструкциялоо иштери уланууда. Калктуу конуштардагы реконструкцияланган жолдун негизги унаа жүрүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, туурасы 3,5 метрди түзөт.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысына Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору көрсөтүлдү. Реконструкциялоо долбооруна ылайык, автожол кеңейтилип, ага жол кайчылаштары, тротуарлар жана жол үстүнөн адамдар өтүүчү өтмөктөр курулат.

Айланма жолдун узундугу 34 чакырым. Негизги бөлүгү ортодо бөлүүсү менен 4 тилкелүү болот. Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоого инвесторлорду тартуу пландалууда.

Садыр Жапаров ошондой эле Профсоюзная көчөсүндөгү жол куруу долбоору менен таанышты. Долбоорду үстүбүздөгү жылы толугу менен бюджеттик каражаттардын эсебинен ишке ашырып баштоо пландалууда.

Узундугу 8,5 чакырымды түзгөн жол Бишкек-Кара-Балта унаа жолуна альтернатива болуп, аны жеңилдетери күтүлүүдө.

Мамлекет башчысы бул долбоорлорду ишке ашыруу автоунаалардын жол жүгүн азайтып, жарандар үчүн өлкөнүн борборуна кирип-чыгууда ыңгайлуулукту жогорулатарын канааттануу менен баса белгиледи.

Ал заманбап эл аралык стандарттарга ылайык унаа жолдорду сапаттуу куруу жана реконструкциялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров унаа транспорттордун үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылын камсыз кылуу максатында Бишкектин түндүк айланма жолунун жана Профсоюзная көчөсүн бойлой айланып өтүүчү жолдун курулуш долбоорунун ишин тездетүүнү тапшырды.