mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Президент Садыр Жапаров Балыкчы-Барскоон унаа жолун реконструкциялоо долбоору менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы-Барскоон унаа жолун реконструкциялоо долбоору менен таанышты.
Маалым болгондой, Мамлекет башчынын тапшырмасы менен 2021-жылы II техникалык категориядагы «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» эл аралык маанидеги жолун, анын ичинде Балыкчы-Барскоон участогун реконструкциялоо иштери башталган.
Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев Президентке Балыкчы-Барскоон унаа жолунда аткарылган иштер боюнча маалымдап, ошондой эле белгиленген пландар тууралуу айтып берди — быйылкы жылы жер иштерин бүтүрүү, асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөө, тосмолорду орнотуу, көпүрөлөрдү куруу ж. б. пландалууда.
Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги жолду оңдоо иштери курулгандан баштап, 50 жылдан бери жүргүзүлбөй келгендиктен, жолдун катмарынын бузулушу акыркы чегине жеткен, ошол эле учурда жергиликтүү калктын жашоо сапатын камсыз кылууда автотрассанын мааниси чоң.
Белгилей кетсек, мындай ири масштабдагы автожолду реконструкциялоо долбоору 25тен ашык ата мекендик ишканаларды камтыган Кыргызстан жолчулар ассоциациясынын жетекчилиги менен биринчи жолу ишке ашырылууда.
Президент Садыр Жапаров жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бардык иштерди өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.
Президент Садыр Жапаров бир катар тапшырмаларды берип, жасалып жаткан иштердин темпин басаңдатпоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле сатып алуулар процессиндеги коррупциялык схемалардан толук арылуунун маанилүү экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы жолду реконструкциялоонун аяктоосу облустун өнүгүүсүндөгү социалдык-экономикалык факторлорго оң таасирин тийгизерин баса белгиледи.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы