mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ОСИ авто жолундагы жалгыз нуктуу жол ачылды ал эми ЫТКТ участкосунда альтернативалык каттам ачууга бардык аракеттер кѳрүлүүдѳ

2021 жылдын 9-майында Ош-Сары-Таш-Иркештам(ОСИ) унаа жолунда с 42км — 42+300км нѳшѳрлѳгѳн жамгырдын кесепетинен  сел каптап жол кулап калган.

Министрликтин алдындагы №959  ДЭУ кызматынын иш-аракети менен погрузчик техникасынын жардамы менен бир нукту жол ачылды. Жолду кеңейтүү иштери уланууда.

Мындан тышкары 2021-жылдын 9-10 майларындагы нѳшѳрлѳгѳн жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Кара-Кулджа районунун Ылай –Талаа- Карагуз — Тушунук (ЫТКТ) унаа жолундагы 23,6 км селдин кесепетинен кѳпүрѳ кулаган. Бул жол менен унаанын ѳтүшү мүмкүн болбогондуктан жолчулар тарабынан альтернативалык жолдон каттам ачуу боюнча бардык чаралар кабыл алынды.

Басма-соз катчылык