mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашуусунда чоң жүк ташуучу унаалар жол эрежесин сактабагандыктан жолдо тыгын жаратууда.

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 30-январында Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашуусунда жолдор тайгак болуп, айрым жылан жолдордо чоң жүк ташуучу унаалар жол эрежесин сактабагандыктан тыгын жаратууда. 2023-жылдын 30-январында Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар калың жаап, учурда КР ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №960 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан кар-күрткүлөрүнөн тазаланып, жолдор ачык. Жолдун бул тилкесинде бир күн мурун айрым айдоочулар жол эрежесин сактабай, башка айдоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратышкан. ЖТИнын кызматкерлеринин айтымында, бул унаалардын дөңгөлөктөрүнүн резинасында коргоочу коргоочулары жок, башкача айтканда, резина дээрлик таз болуп, ошого жараша жолдун аркы өйүзүндө жасалма тыгын пайда болгон.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда №957 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан аталган жолдун 372-чакырымынан 544-чакырымына чейинки бөлүгү музга каршы материал менен толтурулуп, кардан тазаланды.

Ош-Бишкек унаа жолунун Көк-Бел ашуусунда №30 ЖТИнын кызматкерлери каттамды таштардан тазалап, жолду кеңейтүүдө. Ош-Бишкек жолунун Ала-Бел ашуусундагы 306-чакырымында №23 ЖТИнын кызматкерлери унаа токтотуучу жайдагы жолдун жээгиндеги таштандыларды чыгарышты.

Өтмөк, Төө-Ашуу, Чапчыма, Чыйырчык, Долон, Чар, Акбейит, Торугарт, Кувакы, Кызарт, Карагоо, Чоң-Ашуу сыяктуу ашууларда жана суу өткөргүчтөрдү тазалап, тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтурулууда.

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну жана ашууларда жасалма тыгындарды болтурбоо үчүн каршы тилкеге ​​чыкпоону сунуштайбыз.

Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлерде кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарылдыгын эскертебиз.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы