mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды. Катуу бороондон улам жолдо кар күрткүсү пайда болду. Жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүүдө. Бороон басылаар менен жолдогу абал калыбына келтирип, бардык тарапка каттам берилет.

Ал эми аталган жолдун Талдык ашуусунда жолду кардан тазалоо жумуштары жүрүп, унаа кыймылына чектөөлөр жок.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы