mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу кеңейтилүүдө

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 40,3-46,9-чакырым аралыгы (Ноокат району) кеңейтилип, шагыл төгүлүп, тегизделүүдө. Ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын аймакты тейлеген кызматкерлери асфальттын эски катмарын сыйрып алып, жаңы катмар төшөөгө жолду даярдап жатышат.

Аймакта иш алып барып жаткан №2 Жол курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жолдогу куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу иштери менен да алек.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы