mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Окуя болгон жерде тиешелүү жол белгилери орнотулган (ылдамдыкты жөндөөчү, жол багытын көрсөтүүчү жана башка жол белгилери) канаатандыраарлык абалда.

Эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолунун                 108, 123, 125 жана 126 километрлериндеги коркунучтуу бурулуштардын жол коопсуздугун изилдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 17-февралындагы  № 76 буйругунун негизинде жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрү,  Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын жана Баткен облусунун Патрулдук милициясынын өкүлдөрү менен биргеликте 21-февралда Ош-Баткен-Исфана жолунун 108, 123, 125 жана 126 километрлерин жеринде карап чыгып, авариялык-коркунучтуу бурулуштар боюнча маалымат даярдалган.    Иликтөө учурунда Ош-Баткен-Исфана жолунун 108-126  километрлериндеги болгон жол кырсыктарынын негизги себептери айдоочулардын жол кыймыл эрежелерин сактабагандыгынын негизинде (ашыкча ылдамдык менен жүрүү) жана техникалардын тормоздук системасынын иштебей калгандыгынан жол кырсыктары катталган.

Ош-Баткен-Исфана автожолдор башкармалыгы, жумушчу топтун чыгарган тыянагынын негизинде, “Кыргызжолунаадолбоор” долбоорлоо институтуна, 4 участкага долбоор түзүү боюнча кайрылуу жолдогон.

Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолунун 108, 122, 123, 125 жана 126 километрлерине 24 даана жаңыланган жол белгилери орнотулду.

121-километрден 121+800-километрге чейин оор жүк ташуучу автоунаалар айланып өтүүчү шагыл жол №46 Жол тейлөө мекемеси тарабынан курулду.

Ош-Баткен-Исфана жолунун 122-километрине жолдун эки тарабына блокпост коюлду, блокпостго потрулдук милициянын кызматкерлери, автотранспорт кыймылын көзөмөлдөп турушат.

Бүгүнкү күндө “Кыргызжолунаадолбоор” долбоорлоо институту тарабынан 123-километрге курулуучу бетон тосмонун (подпорная стена), жасалма дөңсөө (искуственная неровность) жана үн чыгаруучу тилке (шумовая полоса), авариялык съездинин чиймелери даярдалып                         Ош-Баткен-Исфана автожолдор башкармалыгына берилди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгына караштуу Патрулдук милициясынын Курулуш-монтаж, эксплуатациялоо башкармалыгы (СМЭУ) менен №46 Жол тейлөө мекемеси тарабынан  Ош-Баткен-Исфана жолунун 123-километрине светофор орнотуу боюнча келишим түзүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүп жатат жана светофорго төлөө үчүн 500 миң.сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Авариялык съезд жана жолдун сол жагына кеңейтүү(кривое в плане)  боюнча даярдык иштери жасалды, жер маселеси Кадамжай мэриясы тарабынан чечилсе жумуш башталат.

2017-жылдын 27-мартында болжол менен саат 17:30 да, Ош-Баткен-Исфана автожолунун 123 км аралыгында, аскердик колоннанын ичинен 28 жоокерди тартып бараткан мамлекеттик билгеси “8340 КМ” КАМАЗ үлгүсүндөгү автоунаасы тормозу иштебей калгандыктан жолдон чыгып барып, жол четиндеги үйдүн дубалына урунган.

Жыйынтыгында жаракат алган жоокерлер бейтапканага жеткизилген. Алдын ала маалымат боюнча 2 жоокердин абалы оор.

Окуя болгон жерде тиешелүү жол белгилери орнотулган (ылдамдыкты жөндөөчү, жол багытын көрсөтүүчү жана башка жол белгилери)  канаатандыраарлык абалда.

Ал эми, жол кесилишинде аскердик колонна атайын аскердик  жөндөөчү жана  патрулдук милиция тарабынан жол кыймылы уюштурулуп турган.

КРТжМ басма соз кызматы