mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ноокаттын жолуна бир дагы техника чыккан эмес деген маалымат чындыкка дал келбейт

Айрым социалдык тармактын колдонуучулары Ноокаттын жолуна бир дагы техника чыккан эмес деп жазып жатышат. Бул чындыкка дал келбейт.

Эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда азыркы тапта иш кызуу жүрүүдө. 9-мартка карата алынган маалыматка таянсак, учурда жолду кеңейтүү, жээктерди бекемдөө, дүмүрлөрдү жулуп, асфальт катмарын фрезалоо, ошондой эле аялдамаларды демонтаждоо жумуштары аткарылып жатат.

Ага далил катары сүрөттөрдү тиркейбиз.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы