mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Нарын-Торугарт чек ара өткөрмө пунктунда Кытай тарап менен өткөрмө пункту ачуу боюнча сүйлөшүүлөр өттү

2020-жылдын 16-июнунда Нарын-Торугарт чек ара өткөрмө пунктунда Кытай тарап менен өткөрмө пункту ачуу боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Анда чек ара аркылуу жүктөрдү өткөрүү эрежелери талкууланды.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Бакыт Бердалиев, чек ара кызматынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кытай Эл Республикасы тарабынан мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Нарын-Торугарт чек ара өткөрмө пункту 2020-жылдын 23-январында жабылган.