mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Нарын облусунда автобекеттердин иши алгоритмге ылайык жүргүзүлүүдө

Нарын облусунда автобекеттердин иши алгоритмге ылайык жүргүзүлүүдө. Нарын облусундагы автобустук каттамдар жана автобекеттердин иштери бекитилген алгоритмдин негизинде жүрүүсү көзөмөлгө алынып, башкармалыктын тескөөчүлөрү тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Аны менен бирге Республикалык жана облустук штабдын тапшырмасы менен коомдук транспорттордо санитардык талаптардын сакталуусу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Баардык кичиавтобустар күн сайын дезинфекциядан өтүп, айдоочулар антисептик жана беткап менен камсыздалган.

Жалпы абал тынч, рейд учурунда жогорку дене табы менен жүргүнчүлөр катталган жок.