Нарын-Баетов унаа жолун оңдоо иштери кызуу жүрүүдө
- 158 просм.
Мамлекеттик маанидеги Нарын-Баетов унаа жолун оңдоо иштери кызыды. Учурда жумуштар эки тилкеде жүрүп, жеринде “Кыргызавтожол” МИсинин № 1 Жол курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана атайын тартылган техникалар иштеп жатышат.
Нарын-Баетов унаа жолунун 9-14-чакырым аралыгында жер иштери жүрүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөөгө даярдалып жатат. Ал эми 115-120-чакырым аралыгында 1250 метр жабык дренаж жасалып, азыркы тапта түтүктөрдү орнотуу менен жолду таптоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, мамлекеттик маанидеги Нарын-Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Быйыл анын 36 чакырымын оңдоо каралган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы