mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мырзаке-Кара-Шоро автожолунун 47 чакырымындагы таш кулап Жазы дарыясын тосулуп, жолду суу каптап кетти

2017-жылдын 8- май айында  болжол менен түнкү саат 10-дор чамасында Мырзаке-Кара-Шоро автожолунун 47-чакырымында тоодон таштар кулап Жазы дарыясын  бөгүп калган. Натыйжада суунун көлөмү өйдө көтөрүлүп жолго чыгып автоунаанын катташана оорчулук туудуруп жатат.

Азыркы убакта  №5 жолтейлөө иш-канасы тарабынан таштарды жардырып тазалоо иштерин жүргүзүү  үчүн  өзгөчө кырдаалдар министирлиги менен макулдашуулар жүрүп жатат. Тазалоо итерине №5  жол тейлөө ишканасы тарабынан  бир бульдозер, бир погрузчик жана ишкананын жумушчулары даярдалды.

пресс- кызмат