mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 22-апрелинде түнкү саат 2:00-3:00дор чамасында Ош облусунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 84-85-чакырым аралыгына таш көчкү түшүп, жолду тосуп калган.

Жолчулардын тынымсыз аракети менен жол кечки саат 18:20да бир тараптуу ачылды.

Таш кулаган жерге жолдун тардыгына байланыштуу атайын техника көп тартылган эместигин эскертебиз. Буга байланыштуу айдоочуларды сабырдуу болууга чакырабыз. Иш үзгүлтүксүз уланууда.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы