mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, унаалардын өтүшүнө уруксаат берилди

2023-жылдын 5-январы күнү саат 23:30да кар көчкү түшүрүлгөндөн кийин унааларга өтүшүнө уруксаат берилди. Маалым болгондой, 2023-жылдын 5-январында жогоруда аталган жолдо 88 чакырым, 97 чакырым жана 104 чакырымда үч жерде, болжол менен 1800 метр куб кар көчкү түшкөн. Алар Транспорт министрлигине караштуу №26 ЖТИнын кызматкерлери атайын техниканын жардамы менен жолдорду кардан тазалоо иштерин аткарышты . Учурда аталган жолдун 45-чакырымынан 74-чакырымына чейин кар күрткүсү байкалып, унаа жолду кардан тазалоо үчүн  №44 ЖТИнын атайын техника 1 автожүктөгүч тартылды.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы