mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Москвада КМШ Мамлекеттеринин Транспорттук Координациялык Кеңешинин 41-жыйыны өттү

Москвада КМШ Мамлекеттеринин Транспорттук Координациялык Кеңешинин 41-жыйыны өттү

 

2021-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Арстанбекович Осоев КМШга мүчө Мамлекеттердин Транспорттук Координациялык кеңешменин 41-жыйынына катышты.

 

Иш-чара видеоконференция форматында Россия Федерациясынын Транспорт министри Виталий Савельевдин төрагалыгы астында өттү. Тараптар 2021-жылдагы иштин жыйынтыгын, транспорт тармагын санариптик өнүктүрүү, эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү, ошондой эле, үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

 

Эркинбек Арстанбекович Осоев өз сөзүндө жыйындын катышуучуларын КМШ ТККнын 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, КМШ транспорт тармагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө, ошондой эле, Шериктештик аймагында жалпы транспорттук мейкиндикти түзүү потенциалы бар экенин белгиледи. Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасы КМШнын бардык мүчө-мамлекеттери менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

 

Жыйынга Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын транспорт ведомстволорунун жетекчилери катышышты.

КР ТжКМ басма сөз кызматы