mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Минтранс: Бишкек шаарындагы маршруткаларда жол кирени эч ким жогорулаткан жок

Бишкек шаарындагы ички каттамдардагы маршруттардын баасын эч ким жогорулаткан жок. Өз билемдик кылып, бааны жогорулаткан фирмалар менен айдоочуларга карата айып пул салынат.

29-май күнү социалдык тармактарда Мурас-Ордо жаны конушунда маршруттун айдоочусу өз билемдик кылып жол киренини баасын 20 сомго жогорулатып алгандыгы тууралуу видео тараган.

Жол транспорт министрлигинин Автротранспорт агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Абдраимов Уланаалы аталган окуя 27-майда Мурас-Ордо жаңы конушунда болгондугун билдирди. Бул окуя боюнча жеринде чогулуш өткөрүлүп фирмага айып пул салынып, айдоочусу эскертүү алган.
Фирма Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан да эскертме алды. Дагы бир ирет ушундай нерсе кайталанса 293 беренеге ылайык 13 мин сом айып пул төлөйт.

Учурда Бишкек шаарында маршруттардын ишин көзөмөлдөө боюнча 4 структура иш алып барууда. Эртең менен каттамга чыгууда унаалардын техникалык абалын текшерүү шарттары, айдоочулардын медициналык көзөмөлдөн өтүү шарттары, ар бир каттамга чыгууда унаалардын ичи дезинфекциядан өткөрүлүшү текшерилет. Айдоочу медициналык бет кап тагынып, кол кап кийип, ар бир каттам сайын унаанын салонун дезинфекциялап, жүргүнчүлөрдүн 70% олтуруп кетиши керек.