mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министрлик: 1996-жылдан бери жол курууга 2,5 млрд. доллар тартылган

Өлкө аймагында жол куруу үчүн каражат 1-2 пайыз менен кредит катары дагы келип турган.

1996-жылдан бери Кыргызстандагы жолдордун курулушуна 2,5 миллиард доллар тартылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов билдирди.

Биздин жол инфраструктурасын начар деп айтпайт элем-  Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов.

Ал «начар жол инфраструктурасы» боюнча журналистердин суроосуна  жооп берген.

«Биздин жол инфраструктурасын начар деп айтпайт элем. Мисал келтирип бере алам. 1996-жылдан бери 2,5 миллиард долларга жакын каражат тартылган», — деди Досумбетов.

Анын айтымында, каражат 1-2 пайыз менен кредит катары дагы келип турган.

Досумбетов 1996-жылдан бери тартылган каражатка Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там, Бишкек — Нарын — Торугарт, Ош — Баткен — Исфана жана Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолдору курулуп жатканын кошумчалады.