mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министр Тилек Текебаев “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайындагы көпүрөнүн курулушу менен таанышты

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайына барып, ал жердеги салынып жаткан көпүрөнүн курулушу менен таанышты. Курулуш иштеринен кабар алган мекеме жетекчиси иштерди сапатуу жана өз убагынан кечиктирбей бүтүрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, бул көпүрөдөн көбүнесе оор салмактагы жүк ташуучу унаалар өтөт. Буга байланыштуу көпүрөнүн сапаттуу салынышы биринчи орунда турат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы