МИНИСТРЛИК ЖӨНҮНДӨ

     Абдралиева Гульмира Курманбековна

 

Гүлмира Абдралиева 1972-жылы 29-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында туулган. Билими жогорку: 1996 — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетин Тигүүчүлөрдүн технологиясы жана дизайны адистиги боюнча аяктаган. Эмгек ишмердүүлүгү: 1989 — 1991 — Кемин турмуш-тиричилик комбинатынын тигүүчүсү; 1997 — 1998 — Ак Мур Өнөр жай компаниясынын инженер-технологу; 1998 — 2004 — Кыргызстандарттын Мамлекеттик көзөмөл жана аймактык саясат бөлүмүнүн жетектөөчү инженери жана жетектөөчү инспектору; 2004 — 2007 — Экономикалык өнүгүү, өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин Көзөмөлдөө департаментинин башкы адиси; 2007 — 2010 — Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин техникалык жөнгө салуу башкармалыгында башкы адис, бөлүм башчы; 2010 — 2013 — Транспорт жана коммуникация министрлигинин Мамлекеттик жөнгө салуу жана коопсуздук департаментинин башчысынын орун басары; 2013 — 2016 — Транспорт жана коммуникация министрлигинин Автомобиль транспорту башкармалыгынын башчысы; 2016 — 2017 — Транспорт жана жолдор министринин орун басары; 2017 — Өкмөттүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы. 2021-жылы февралда ал Транспорт, архитектура жана коммуникация министри кызматына көрсөтүлгөн. 3-февралда ал Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри болуп дайындалган.