mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«МЭА» ААК: «Манас» эл аралык аэропортун тышкы башкарууга өткөрүп берүү жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт.

«Манас» эл аралык аэропортун чет элдик компанияга өткөрүп берүү жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын «МЭА» ААК расмий түрдө кабаралайт. «МЭА» ААКнын жетекчилиги тарабынан инвестициялык, жана башка долбоорлорунда мындай сценарий каралган эмес жана каралбайт дагы. Андыктан, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө мындай жалган маалыматты таратпооңуздарды өтүнөбүз. Маалыматты тактоо үчүн «МЭА» ААКнын басма сөз кызматына кайрылсаңыздар болот.