mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Манас» эл аралык аэропортунда Шарджа-Бишкек эл аралык авиакаттамынын ачылышына арналган расмий иш-чара өттү

 

«Манас» эл аралык аэропортунда Шарджа-Бишкек эл аралык авиакаттамынын ачылышына арналган расмий иш-чара өттү. Кыргызстандын авиация тармагынын өкүлдөрү Шарджадан учуп келген биринчи жүргүнчүлөрүн Бишкекте салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Дубайдагы Башкы консулдугунун жана «Манас» эл аралык аэропорту биргелешип жүргүзүп жаткан иш-чараларынын алкагында бул каттам кайрадан улантылды. Рейстерди Air Arabia компаниясы жумасына үч жолу жүргүзөт.  Жаңыланган рейс чет мамлекеттерден туристтерди тартууга түрткү берет.

КРТжКМнин басма сөз кызматы