mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Манас» аэропортуна учуп келгендердин дене табы эки ирет текшерилет

Кыргызстанда короновирусту алдын-алуу максатында «Манас» аэропортуна чет өлкөлөрдөн учуп келген жүргүнчүлөрдүн дене табы эки ирет текшерилет.

Жаны алгоритмге ылайык, чет өлкөдөн учуп келгендердин дене табы эки ирет текшерилет, учактан түшө электе жүргүнчүлөр атайын түзүлгөн анкетаны толтурушуп, анда алар өз байланыш номерлерин калтырышат. Экинчиден учакка дарыгерлер көтөрүлүп, дене табын текшерет. Андан сон аэропорттун адистери башкы декларацияны толтурат, анда учакта короновирус дартын жуктуруп алгандар жок экендиги тууралуу маалымат берилет. Экинчи жолу жүргүнчүлөрдүн дене табы күтүү залында текшерилет.

Кимдир бирөөнүн дене табы 38 градустан ашса алгоритимге ылайык, эпидемияга каршы иш-чаралар аткарылат.
КЭР, Түштүк Корея, Италия, Иран, Япониядан келгендер кылдат текшерүүгө алынууда. Атуулдугуна карабай 14күнгө обсервацияга алынууда.

Бул иш чаралардын бары короновирусту алдын алуу максатында жасалууда.