mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мамлекеттик кызматтын эмгек сиңирген ишмери Салы Надырбековага наам 2022-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан сыйлык тапшырылды. Эмгек жамааты кесиптешти мамлекеттик жогорку сыйлык менен куттуктайт жана мындан ары да анын өнөрүн жана кесипкөйлүгүн мамлекеттик кызматка жумшай беришин каалады

10-февралда президент Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө зор салым кошкон, ошондой эле кесиптик ишмердигинде жогорку натыйжаларга жетишкен жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Сыйлык алгандардын арасында маданият ишмерлери, мугалимдер, экономисттер, курулушчулар, саламаттыкты сактоо системасынын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматтын ишмерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, байланыштын, дене тарбия жана спорттун, айыл чарба тармагынын кызматкерлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери жана башка көптөгөн кызматкерлер бар. Аскер болобу, агрардык же энергетик ишмер болобу, коммуналдык кызматкер болобу, журналист болобу, ар бир чынчыл эмгекчи коомдун оңолушуна салым кошуп жатканын мамлекет башчы белгиледи.

Жапаров мекендештерди мамлекеттүүлүктү ийгиликтүү өнүктүрүүгө, ошондой эле, жерди сактап калууга шарт түзө турган биримдикти жана ынтымакты бекемдөө үчүн биргелешип иштөөгө чакырды.