mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мамлекеттик капиталдык салымдар беренеси боюнча 15- сентябрга 137 чакырымга жумуш иши аткарылды.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар,  ири жана кичи шаарлардын мэриялары менен бирдикте шаардын көчөлөрүн жана райондордогу жолдорду капиталдык оңдоо үчүн  152,9 км. асфальт тѳшѳѳ каралган.

Ушул багытта  райондук борбордук кѳчѳлѳрүнѳ  оңдоого мамлекеттик бюджеттен аккча каражаты каралып,, капиталдык рементко  23 шаарда 40 райондун кѳчѳлѳрүнѳ 3км дан жол куруу каралган. Жалпысынан 140 объект  асфальт тошоо жумуштары каралган.

Азыркы учурда жалпы Республика боюнча 137,0 км жолдорду куруу иштери аткарылды жана учурда бардык жерде жол куруу иштери жүрүп жатат. 2017-жылдан бери, анын ичинде 2019-жылы облус борборлорунун жана чакан шаарлардын көчөлөрүн ондоодо. узундугу 140,6 км түзүүчү капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.

Негизинен, жаратылыш кырсыктары боюнча  Баткен, Ош облустарынын аймактарында жана Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан чачын кѳп жаагандыгына байланыштуу сел, суу ташкындары кѳп болуп, жолдорду бузулуп жатты. . Жол кызматкерлеринин жардамы менен жолду селден өз убагында тазалап, унаалардын өтүүсүн камсыз кылышты.

 

Жалпысынан республика боюнча 7 айдын жыйынтыгы боюнча магистралдарда жаратылыш кырсыктарынын кесепеттеринен келтирилген чыгым 65 миллион сомдон ашты.

Пресс-кызмат