mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“МАМ” ААК: Кыргызстандыктар эми түз жана чартердик каттамдар менен өздүгүн тастыктаган документтерсиз уча алышат

Урматтуу аба жүргүнчүлөрү! “Манас” аэропорту ЕАЭСтин “COVID-19суз саякаттайм ” долбооруна кошулгандыгыбызды кубануу менен кабарлайт!

ЕАЭС өлкөлөрү үчүн “COVID-19суз саякаттайм ” тиркемесине эми Кыргызстан катталды
Буга чейин пандемия илдетине байланыштуу Россия жана башка Евразес өлкөлөрүнө кирүү бир нече шарттар менен, анын ичинде ПЦР тести менен бирге олуттуу негиз талабы болсо, эми ал жоюлуп, атайын тиркемени жүктөө аркылуу жеңилдетүүлөр киргизилди. Евразия өнүгүү банкы тарабынан даярдалган бул “COVID-19суз саякаттайм” тиркемеси программага кирген ПЦР тестин тапшыруу лабороторияларын аныктоого жана тесттин жыйынтыгын QR-код түрүндө уюлдук телефонуңузга дароо кабыл алууга өбөлгө түзөт. Анализде ковиддин жоктугу аныкталса, анда бул тиркеме колдонгон өлкөлөр Россия, Белоруссия жана Арменияга тоскоолсуз кирип, тескөөчү жайларга жөн гана тиркемедеги кодду көрсөтөсүз.
“COVID-19суз саякаттайм ” тиркемесин колдонуу ыкмасы:
Алгач уюлдук телефонуңузга AppStore же GooglePlay ден “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесин жүктөйсүз
Кетүүчү өлкөнү тандайсыз
Программага кирген лабораториялардын бирине жазылып (азырынча Кыргызстан боюнча Бишкек жана Ошто гана 2 лаборатория катталган) ага паспортуңуз менен барасыз.
Лаборатория сунуш кылган макулдашууга кол коюп, андагы QR-кодду уюлдук тиркеме аркылу сканирлейсиз, тест тапшырасыз.
Тесттин жыйынтыгын лаборатория системага киргизээр замат, ал сиздин тиркемеңизде дароо пайда болот.
Тесттен ковид чыкса QR-код кызыл түскө, ал эми жыйынтыгы таза чыкса-жашыл түскө боелот. Учуу алдында уюлдук тиркемеңиздеги тесттин жыйынтыгын тактап, мөөнөтүн аныктайсыз (ПЦР-тест жасалгандан кийин 72 саатка чейин жарактуу)
ЕАЭС өлкөлөрү менен чек ара же башка талап кылган жайларга тиркемедеги QR-кодду көрсөтөсүз.

Урматтуу жүргүнчүлөр! “Манас” аэропорту (“МАМ” ААК) авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатууга да тиешеси жок!
Баа саясатын авиабилеттерди ишке ашырган авиакомпания ички эрежелерине ылайык аныкташат.
Сиздерге жагымдуу учуу каалайбыз!