mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өлкө ичинде поезд каттамдарынын жол акысы 1 сомго өстү

Өлкө ичинде поезддердеги жол кире 1 сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынан билдиришет.

Ишкананын маалыматына караганда, жол киренин өсүшү Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу. Тактап айтканда, 22-февралдан баштап сатуудан алынуучу салык 2 пайыздан 3 пайызга чейин жогорулатылды. Буга байланыштуу жол кире 1 сомго көтөрүлөт.

Толук маалыматты 0312300209, 0312926854, 0312926840, 0312926847 телефондору аркылуу алса болот.