mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өлкө аймагындагы жолдорду ирээтке келтирүү иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 10-мартка карата жол кызматкерлери тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат:

Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолунун 49-чакырымынан 51-чакырымына чейинки аралыгына шагыл төшөө иштери жүрүүдө.

Алматы-Бишкек-Ташкент унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштерине даярдыктар көрүлүүдө. Токмок-Дөң-Арык-Ивановка унаа жолунда дагы ушундай жумуштар аткарылып жатат.

№15 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Баетов-Ак-Бейит унаа жолунда суу буруу иштери менен алек.

Ал эми Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 122-125-чакырым аралыгындагы жол жээги атайын техника менен сүрдүрүлүп, арык тазалоо жумуштары аткарылууда.

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун боюнда куурап калган бактарды кыюу, жолдорду кеңейтүү, шагыл төгүп тегиздөө иштери жүрүүдө.

Ош-Кара-Суу-Савай унаа жолунун 6 чакырымында жана Ош-Араван унаа жолунда аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүрүүдө. Ал эми Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолун грейдер менен кеңейтүү иштери аткарылып жатат.

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолундагы лотоктордун ичи тазаланып, жолдун чети ирээтке келтирилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жол четин тазалоо, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, сууларды буруу, лотокторду тазалоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери менен алек.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы