mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Лейлек районундагы селден улам жолдор бузулду

Жол чарба департаменти Ош-Баткен-Исфана автожолдор башкармалыгына тиешелуу автожолдордо 2020-жылдын 2-майында саат 18:00 чамасында Лейлек районунун аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам аккан селден бузулган жолдор боюнча төмөнкү маалыматты билдирет:
— Ош-Исфана автожолунун 330-363-чакырымдар аралыгында 17 жерде жолго кум-шагыл агып чыккан (гравийный занос), 22 жерде жолдун чети (обочина) жуулган жана 20 чакырым аралыкта ар жерде жолго агынды чыккан. 372-чакырымында көпурөнүн чыга беришинде сол тарабындагы канаты селден кыйшайып калган.
— Коргон-Катран-Баул автожолунун 0-8-чакырымдар аралыгында 13 жерде жолго кум-шагыл агып чыккан, 18-21 чакырымдар аралыгында сай аркылуу өткөн жолду сел жууп кеткен.
— Катран-Өзгөрүш автожолунун 0-13-чакырымга чейинки аралыгында ар жерлерде жолго кум-шагыл агып чыгып, жолдун четтери бузулган.
— Самат-Замборуч-Жаркыштак автожолунун 0-27-чакырымдар аралыгында ар жерлерде жолго кум-шагыл агып чыгып, жолдун четтери селден бузулган. 1-чакырымдагы көпүрөнүн кире беришинде оӊ тарабындагы 50м узундуктагы сел тосмону (дамба) сел жууп кеткен.
— Исфана-Андарак-Көк-Таш автожолунун 10-27-чакырымдар аралыгында ар жерлерде жолго кум-шагыл агып чыгып, жол четтери жуулган, сайлар аркылуу өткөн участкаларды сел жууп кеткен.
— Исфана-Ак-Булак автожолунун 1-4-чакырымдар аралыгында жолго кум-шагыл жана агынды чыккан, 300м аралыкта шагыл жолду сел жууган.
— Маргун-Даркум автожолунун 10-18-чакырымдар аралыгында ар жерлерде жолго кум-шагыл агып чыгып, жол четтери жуулган, сайлар аркылуу өткөн участкаларды сел жууп кеткен.
— Бешкент-Маргун автожолунун 2-9-чакырымдар аралыгында ар жерлерде жолду сел бузган.
— Кайрагач-Кулунду-Арка автожолунун 45-65-чакырымдар аралыгында ар жерлерде жол аркылуу сел агып жолду бузган.
Азыркы убакытка жогорудагы аталган бардык жолдордо убактылуу автоунаалар өтъъдө. Келтирилген зыяндын көлөмдөрү такталгандан кийин кошумча маалымат билдирилет