mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кытайда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюлду

2023-жылдын 18-май күнү КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча кийинки кадамдарды караган үч тараптуу документке кол койду.

Меморандум Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлигинин ортосунда кол коюлду. Кол коюлган меморандум «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууну тездетет.

Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдоого, транспорттук багыттарды диверсификациялоо боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин максаттарын аткарууга жана эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы