mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кытай-Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча Кытай жана Өзбекстан менен эксперттик топтордун деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов билдирди.

«Алар жыл сайын жолугушууларды өткөрүп, каржылоо жана трассанын көлөмүн талкуулашат», — деди ал.

К.Досумбетов кошумчалагандай, өлкө жетекчилиги азыр долбоорду ишке ашырууну тездетүү милдетин койду.

«Долбоорго катышкан мамлекеттер активдешти. Бул жакынкы аралыкта техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып, долбоор ишке ашат дегенди билдирет», — деди ал.

КР ТжКМ басма сөз кызматы