mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору республиканын улуттук кызыкчылыгын эске алуу менен гана курулуп жатат.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен “Кыргыз темир жолу” УК»  мамлекеттик ишканасынын артыкчылыктуу долбоорлорунун бири болуп саналат. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 12-ноябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына киргизилген.

Азыркы учурда, ал боюнча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна катышкан өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Техникалык маселелер (маршруту,  чен өлчөмү, жүктөө станциясы), каржылоо маселелери ж.б.  каралып жатат. Эркеш-Там-Ош темир жол каттамынын варианты кыргыз тарапта каралбайт. Сүйлөшүүлөр процессинин алкагында Торугарт ашуусу аркылуу каттамдын варианты талкууланууда.

Кайсы бир материалда айтылгандай, темир жолду куруунун натыйжасында Кыргызстандын экологиясына келтирилип жаткан зыян жана терс кесепеттерге карата айта кетсек, азыркы учурда долбоор техникалык документтерди иштеп чыгуу стадиясында турат, анын жүрүшүндө темир жол курулушунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири кылдат изилденет жана ошого жараша анын жаратылышка тийгизген таасирин алдын алуу жана азайтуу үчүн баардык чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча кыргыз тараптын позициясы республиканын улуттук кызыкчылыктарынын негизинде гана курулуп жатат.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы