mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын 50дөн ашык кызматкерлери жалпы ишембиликке чыгышты

2023-жылдын 8-апрель күнү КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери ведомстволук бөлүмдөр менен биргеликте, жалпы 50дөн ашык адам республикалык ишембиликке чыгышты.

Бишкек-Манас унаа жолундагы бекитилген аймакта жалбырактар, таштандылар жана башка тиричилик калдыктары чогултулуп, алар таштанды полигонуна чыгарылды. Мындан тышкары, көпүрөнүн астындагы тирөөчтөр сырдалды.

Ишембилик – бул корпоративдик биримдикти көтөрүү жана команданы бириктирүү, ошондой эле шаарыбызды тазалоонун эң сонун жолу.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы