mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Улуттук «Кабар» маалымат агенттигинде Министр Ж. Калилов Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 1- кварталынын жыйынтыгы жана 2- кварталдын пландары тууралуу пресс- конференция катышат

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИНИН 2018-ЖЫЛДЫН   I КВАРТАЛЫНДА  АТКАРГАН ИШТЕРИНИН НАТЫЙЖАСЫ ЖАНА    2018-ЖЫЛДЫН II КВАРТАЛЫНА МИЛДЕТТЕРИ  ЖӨНҮНДӨ 

 

Жол тармагы.  Жол чарба департаментинин ведомстволук мекемелери тарабынан жмуштардын көлөмү 348,8 млн. сомго аткарылды.  Анын ичинен  күнүмдүк бюджет боюнча аткаруу 248,8 млн. сом,  мамкапсалым обьектилери боюнча – 100,0 млн.сом.

Күнүмдүк бюджет боюнча,  2018-жылдын 1-кварталында  автомобиль жолдорун кышкы тейлөө жана жол-курулуш сезонуна даярдоо иштерин жүргүзүү боюнча жумуштар жүргүзүлдү.Азыркы учурда күнүмдүк оңдоп-түзөө боюнча жумуштар толук жүрүп жатат. 11 лоттон 4 боюнча сатып алуулар битумду сатып алууга жүргүзүлдү жана келишим боюнча  107,0 млн. сомго кол коюлду, калган 7 лот боюнча 2018-жылдын 3-майында ачуу өткөрүлдү.

Белгилей кетүү керек, жалпы колдонуудагы автожолдорду куруу, оңдоп-түзөө жана тутуу планында жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга 24,1 млн.сом караштырылган.  Бирок,  жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга каражаттар 39,7 млн. сом өлчөмүндө чыгашаланган жана күнүмдүк бюджеттин эсебинен жумуштар аткарылган.

2018-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашылган 2018-жылга “Мамкапсалым” беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылоого жаткан обьекттердин жана курулуштардын Тизмесине ылайык жол инфраструктурасынын обьекттерин каржылоого 1 200,0 млн. сом каралган, анын ичинде “Балыкчы-Тамчы-Чолпоната-Корумду” автожолун кайра курууга  — 700,0 млн. сом.  Азыркы күндө  140,0 млн.сомго каржыланды.

Тизмеде, Баткен облусунун чек ара райондорундагы автомобиль жолдорун куруу, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун узундугу 15 км Кара-Джыгач-Сары-Челек автожолун долбоорлоо жана куруу, Тюп — Кеген, Алабука – Жаныбазар – Кировка автожолдорун куруу караштырылган.

Сокулук районунун  Романовка-Камышановка автожолунда узундугу 1 км асфальтбетон төшөө,  ж.б., андан сырткары 15 көпүрө куруу караштырылган.

2018-жылдын 1-кварталында караштырылган суммадан 308,0 млн. сом  каржыланган же жылдык пландын 25,7 %  түзөт.

“Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду”  автомобиль жолун кайра куруу долбоору боюнча 33,0-43,0 и 90,0-104,0 км участкада асфальтбетон жабуусунун төмөнкү жана үстүнкү катмарын  60,0 км аяктоо жана автомобиль жолунда 12 көпүрөнү куруу пландаштырылууда.

Инвестициялык долбоорлор. Өлкөнүн транспорттук  инфраструктурасынын өнүгүүсүнө эл аралык донорлордун каражаттары тартып  келинген:  Азия Өнүгүү Банкы (АӨБ), Дүйнөлүк Банк (ДБ), Кытайдын Экспорттоо-Импорттоо Банкы (КЭИБ), Ислам Өнүгүү  Банкы (ИӨБ) Араб Координациялык Тобу менен биргеликте (АКТ).

 

Ислам Өнүгүү банкы ИДӨТ.

«Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун кайра куруу, 272-365 км» долбоору ( ишке ашырылууда) (Нарын областы, Кочкор жана  Нарын райондору) 

Курулуш иштери  башталгандан бери жалпы аткаруу 39,6 млн. АКШ долл.  түздү же контракттык нарктын 87% . Кемчиликтерге жоопкерчиликтин кепилдик мезгили 2018-жылдын 31-июнунда аяктайт. 2018-жылдын 1-кварталында долбоорлоо участкасында кышкы тейлөө боюнча жумуштар аткарылды. Азыркы учурда  үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен Кочкор-Исакеев (км 0-3.2), Чолпон-Шахта туз (км 5-7 и 8-11)  жана Кочкор-Коммунизм (км 62-68),  ошондой эле, Он-Арча-Эчки-Башы (км 0.87-2.04), БНТ-Эмгекчил (км 0-5) автожолдорунда, Нарын ш. айланма жолдо (км 0-5.1) асфальтбетон төшөө жүргүзүлүүдө.

«Тараз-Талас-Суусамыр, Фаза III, 75-105 км» автожолун кайра куруу” долбоору, (Талас областы, Талас району).

Курулуш иштери башталгандан берки жалпы аткаруу 16,6 млн. АКШ долл.  түздү же  контракттык нарктын  97 %  жакын, курулуш иштери 2017-жылдын 26-декабрында аяктаган.

Кемчиликтерге жоопкерчиликтин кепилдик мезгили 26.12.2018 -ж. аяктай   т.

«Ош-Баткен-Исфана, 75-108 км автожолун кайра куруу»  долбоору (Баткен  областы, Кадамжай  району).

курулуш иштери башталгандан бери жалпы аткаруу 1,2 млн.АКШ долл.   барабар   же контракттык нарктын 6,4 %.  2018-жылдын 1-кварталында долбоорлоо участкасында жер иштери  14000 м3  көлөмүндө жүргүзүлдү  жана 10 суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулду. Азыркы учурда Подрядчик тарабынан участкада курулуш иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерине жергиликтүү калктан 120 киши тартылган.

Курулуш иштерин аяктоо– 14.08.2019 -ж.

             «Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолун куруу, 159-183 км» (Нарын областы, Жумгал району)

Долбоор ИӨБ тарабынан каржыланууда  (12,0 млн. АКШ долл.)  жана СӨФ (20,0 млн. АКШ долл.).  КРӨнүн  кошумча каржылоо үлүшү  – 1,8 млн. АКШ долл. Долбоордун жалпы наркы — 33,8 млн. АКШ долл. Техникалык көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашырган Кеңеш берүүчү компания — «Saudi Tech Engineering & Geological Consultant in JV with Spectrum Engineering Consultants s.a.r.l.» (Сауд Аравиясы / Ливан) Консультант тарабынан подряддык компанияларды кийинки тандоо үчүн тендердик документтерди тандоо жүрүп жатат.   Долбоорлу ишке ашыруунун пландаштырылган мөөнөтү — 2018-2023-жж.

«Балыкчы-Каракол-Балыкчы, 2Н участогу, 104-220 км» автожолун калыбына келтирүү” долбоору (пландаштырылган долбоор) (Ысык-Көл областы, Ысык-Көл, Түп жана  Ак-Суу райондору)

2018-жылдын 1-кварталында бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Өнүгүү Фонду ОПЕК тарабынан (10 млн. АКШ долл. суммасында)  жана Сауд Өнүгүү фонду тарабынан (35 млн. АКШ  долл.суммасында) кредит бөлүп берүүгө макулдук алынган.

Ислам Өнүгүү банкынын кредиттерине макулдук  күтүлүүдө (20 млн.АКШ долл. суммасында), Араб экономикалык өнүгүүсүнүн Кувейт фонду  (28.9 млн. АКШ  долл. суммасында)  жана Абу-Даби Өнүгүү фонду (22.0 млн. АКШ долл. суммасында). Долбоордун алдын ала наркы 128,0 млн. АКШ долл.

 

ИДӨТ. Азия Өнүгүү  банкы

Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолун куруу, фаза 1. Кызыл-Жылдыз а.–  Арал а. ( 183-195км) участогу,  Казарман  а.–  Джалал-Абад  ш.  (291-433 км),   анын ичинде Көк-Арт ашуусу боюнча   узундугу 3,8 км тоннель. 1-кварталда бардык участкалар боюнча кышкы тейлөө боюнча жумуштар аткарылды жана галереясы бар тоннелди салуу боюнча курулуш иштери улантылды. Азыркы күндө аткарылган жумуштар:

  • түштүк порталдан   – 432 м,          штольня – 496 м.
  • түндүк порталдан – 829 м,            штольня – 1188 м.

Фаза 2 Арал а. – Казарман а. участкалары (195-291 км).,  узундугу 99,23 км. Кемчиликтерди жоюу мезгилин эсепке алуу менен аяктоо 2021-жылдын октябрь айына пландаштырылган.

Азыркы күндө асфальтбетон жабуусунун төмөнкү катмары 5 км төшөлгөн, калыңдыгы 9 см; Долбоорлоо участкасында 2 эстакадалык көпүрөнү куруу жүрүп жатат, узундугу 1472 пм.

Курулуш иштери 145,4 млн. АКШ долл. суммасында өздөштүрүлгөн (49%).

БАРЭК 1 жана БАРЭК 3 транспорттук коридорлорунун ортосунда бириктирүүчү жолдордун долбоору,  Фаза 3, (89 км – 159 км),  узундугу  70 км.  Курулуш иштеринин башталышы 2018-жылдын 3-кварталына пландаштырылган,  кемчиликти жоюу мезгилин эсепке алуу менен аяктоо 2011-жылга пландаштырылган.

Азыркы учурда подрядчикти тандоо боюнча тендердик процедуралар жүрүп жатат. Баалоочу отчет АӨБдүн жактыруусуна жиберилген.

 

БАРЭК 3 коридорун өркүндөтүү  боюнча долбоор, Бишкек-Ош автожолу, Фаза 4 (Бишкек – Кара-Балта участогу),  узундугу 45,1 км.

Бардыгы болуп участкада 84 бирд. мобилизацияланган,  ДСМжО  жана персонал 277 адам, анын ичинен  37 чет элдик жана   240 жергиликтүү.

Азыркы учурда төмөндөгүдөй иштер жүрүп жатат:

— 15,9 – 21,3 км; 35,5 – 40,5 км; 45,6 – 51,6  жана  54,2 – 59,3 км  участкаларда подрядчик тарабынан бактарды кыюу жана дүмүрлөрдү тазалоо иштери аяктады.

— на участке км 45,6 –51,6  км  участкада топурак үйүү  боюнча 30000 м3 көлөмүндө иштер аткарылды. 51,2 км  шагыл-кум аралашмасы (саббейс) жолго1500м узундукта төшөлдү. Участкада оң тараптан 19 суу түтүктөрүн орнотуу аяктады, анын ичинен 3 түтүктү  жолдун сол тарабынан  кайра жабуу  аяктады. Азыркы учурда 7 түтүктү жолдун сол тарабынан иштеп чыгуу жүрүп жатат.

 

Электрөткөргүчтөр линияларынын жаңы таянычтары (ЛЭП)  85 бирд. жана 120 байланыш линияларын которуштуруу жана орнотуу ишке ашырылды.

— 54,2 –59,3км   участкада Электрөткөргүчтөр линияларынын жаңы таянычтары (ЛЭП)  30 бирд. которуштуруу жана орнотуу ишке ашырылды. Участкада аяладма аянттарындагы 10 автопавильон алып салынды.

— 15,9 – км 19,8 км участкада  сол тарабын тазалоо жана дүмүрлөрдү алуу аяктады. 9 суу өткөрүүчү түтүктөрдү куруу процессинде, 7 түтүк боюнча сол жагына кайра  топурак үйүү аяктады.

15,9 — 16,9 км участкада топуракты түздөө  иштери аяктады.  Жол кийимдерин куруу боюнча даярдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Байланыштын 17 таяныч линиялары орнотулду.

— на участке18+367 км участкада Жыламыш көпүрөсүн кайра куруу боюнча иштер улантылууда.  Азыркы учурда көпүрөнүн таянычтарын бекемдөө жана оң тараптагы айрым устундарды алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлдү.

 

Компонент 2 КОР (Кара-Балта –Төө-Ашуу тоннели участогу):

Жогоруда көрсөтүлгөн долбоордун бир бөлүгү жыйынтыгына негизделген жолдорду тутуу боюнча пилоттук Контракт болуп эсептелет,  Кара-Балта – Суусамыр автомобиль жолунун Төө-Ашуу тоннелине чейинки участогу  (61 –129 км).

Үч жылдын ичинде  бул маршрут боюнча автотранспорттук каражаттардын тоскоолсуз өтүшүн камсыздоо үчүн жыл ичинде зарылдыгына жараша тийиштүү тейлөө жана күнүмдүк оңдоп-түзөө жүргүзүлөт.

Долбоор жалпы узундугу 8 км участкада автожолду калыбына келтирүү, узундугу 9 км жол жабуусун алмаштыруу каралган. Участканы тейлөөнүн процессинде жолдогу чуңкурларды оңдоп-түзөө, үстүнкү бодуракай иштеп чыгуу, жаракаларды толтуруу, жол белгилерин алмаштыруу, дренаждык курулуштардын тейлөө, жол четиндеги өсүмдүктөрдү көзөмөлдөө, көпүрөлөрдү оңдоо, жантаймаларды бекемдөө, кышкы тейлөө жана аба ырайынын ар кандай шарттарында жолдун үстүн тийиштүү тейлөө аткарылды.

18 декабрь,  2017-жылы “Көпүрөжолкурулуш” ЖЧК подряддык компаниясы мененКонтрактка кол коюлган. Шарт менен иштөөчү долбоорлук участканы 2018-жылдын 01-январынан тейлөө боюнча жумуштарга киришти.

Азыркы учурда автожолдун долбоорлонгон участкасын тейлөө, асфальтбетон жабуусунун үстүнкү катмарынын курулушун жана чуңкурларды оңдоп-түзөө боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат. Азыркы күндө асфальтбетон жабуусунун үстүнкү катмары 66,7 дан 67,5 км ге чейин 800 метр, 68,8 — 69,5 км ге чейин узундугу 700 метр, 70 тен  71,3 км узундугу 1 300 метр төшөлгөн. Чуңкурларды оңдоп-түзөө с 63 төн  67 км жалпы аянты 1829 м2 де жүргүзүлгөн. Жол четин жыйноо боюнча  жумуштар 116,7км, 110,7км; 113,8 км, 104 км де, жалпы аянты 1000м3 жүргүзүлдү.

Бишкек-Ош автожолунун БАРЭК 3 коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, Фаза 4 (Маданият – Жалал-Абад участогу),  узундугу 67 км.

Аяктоо 2022-жылдын кемчиликтерди жоюу мезгилин эсепке алуу менен пландаштырылган.

28 декабрь,  2017-жылы КР ТжЖМ менен Renardet консультациялык  компаниясы менен көрсөтүлгөн долбоорду куруунун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө контрактка кол коюлган.

26 октябрь,  2017-ж. катышуучулардын тендердик сунуштарын ачуу ишке ашырылган. Техникалык тапшырмаларга ылайык Renardet S.А. Engineering Consulting консультациялык  компаниясы подрядчиктердин тендердик арыздарын баалоону жүргүзөт.

19 февраль,  2018-жылы  кеңеш берүүчү тендердик сунуштарды баалоо жана баалоочу отчетторду даярдоо үчүн сатып алуулар/контракттар боюнча эл аралык адисти  мобилизациялады. Азыркы учурда Кеңеш бероүүчүнүн сатып алуулары боюнча адис подряддык уюмдардын сунуштарын баалоону аяктады. Финансылык сунуштарды баалоонун отчету ЕАӨБдүн жактыруусуна жиберилди.

 

Дүйнөлүк Өнүгүү банкы ИДӨТ

Борбордук Азиядагы жол каттамдарын жакшыртуу боюнча Программалардын ( мындан ары – ЖКЖП БА-1) биринчи фазасын ишке ашыруу улантылды, ошондой эле 3 фазаны даярдоого киришти  (ЖКЖП БА-3).

ЖКЖП БА-1 Тажикистан менен транспорттук байланышты жакшыртууга багытталган жана Кыргыз Республикасынын Ош жана Баткен облустары менен Тажикистан Республикасынын Согдий облусунун ортосундагы трансчек аралык каттамдарды калыбына келтирүүнүн караштырат. Долбоордун алкагында  Ош-Баткен-Исфана-Худжант,  жалпы узундугу 56 км ге жакын жол коридорунун участкаларын калыбына келтирүү ишке ашырылууда.  Долбоорлук участкалар эки лотокко бөлүнгөн. 1 Лот III техникалык  категориядагы үч участокту камтыйт: участок 1А «Исфана – Сүлүктү» (11+409 км), участок 1B « Сүлүктү–Айлампа» (10+788 км), участок 1C «Айлампа – Кайрагач» (13+882 км). Лот 2 IV техникалык  категориядагы эки участкадан турат: «Баткен – Кызыл-Бел» (6+114 км)  жана  «Баткен –Төрткүл»(14+300 км).

2018-жылдын 1 кварталында  долбоорлоо  участкалары кышкы тейлөөдө турду, ушуга байланыштуу курулуш иштери 2018-жылдын 15-мартына чейин токтотулган.

15-март, 2018 –жылдан курулуш иштери бардык участкаларда жаңыртылды. Марттын аягында аткарылган иштердин жалпы көлөмү 57% түзөт. 1 ЛОТ боюнча  жумуштардын караштырылган көлөмүнүн 45% аткарылды 2 ЛОТ боюнча – 70%. Асфальтбетон төшөөнүн төмөнкү катмары 40,4 км жана 8,01 км үстүнкү катмары төшөлгөн. Баткен-Кызыл-Бел участогунда негизги иштер аяктады,  эки катмар асфальтбетон жабуусу төшөлдү, жол  чийиндери  коюлду, жол белгилери орнотулду. курулуш иштери толук көлөмдө 2018-жылдын курулуш сезонунда аяктайт.

2018-жылы долбоордун алкагында өлкөнүн түштүгүндө — Бишкек-Ош автожолунун 629 км Жаны-Арык а., Ош-Сарыташ-Иркештам автожолунун Каратай а. 22 км де жана Ош-Баткен-Исфана автожолунун 93 км де Көк-Талаа а.  үч салмак-көлөмдү контролдоо автоматтык системасын орнотуу пландаштырылууда. Бул каражаттарга долбоордун алкагында 1,7 млн. АКШ долл. багытталат .

6 февраль,  2018-жылы салмак-көлөмдү контролдоонун динамикалык системасы үчүн жабдуулардын алып келүүчү Betamont s.r.o.  компаниясы менен контрактка кол коюлган. Үч посттогу жабдууларды орнотуу жана жумуштарды аяктоо контрактка кол койгондон кийин алты айга чейин созулат, б.а., 2018-жылдын июлуна чейин, андан кийин пайдаланууга кабыл алуу башталат, ал 2018-жылдын сентябрына чейин узарат.

Ошондой эле 2018-жылы бул долбоордун алкагында ОБИ АЖБ үчүн жолдорду тейлөө үчүн жол-пайдалануу техникалары сатып алынат ( 4 млн.АКШ долл. суммасында он чакты бирдик). Долбоордун алкагында 2018-жылдын январь-мартында жол-пайдалануу техникаларынын алдын ала тизмесин КР ТжЖМнин ЖЧД менен макулдашуу жана даярдоо жана техниканын жана жабдуулардын ар бир түрү боюнча техникалык спецификацияларды иштеп чыгуу  ишке ашырылган. Отчеттук мезгилдин аягында жол-пайдалануу техникаларынын толук тизмеси аныкталды жана долбоордун доноруна макулдашууга жиберилди.

ЖКЖП БА-3 даярдоо алкагында коргоо чаралары боюнча зарыл документтер иштелип чыкты (Элди көчүрүү боюнча план, Айлана-чөйрөгө таасирди баалоо), ошондой эле ТЭНди жана деталдык долбоорду даярдоо боюнча кеңеш берүүчү компанияны тандоо аяктады, ошондой эле Тюп-Кеген/КПП Каркыра — автодорожный, 39-76 км автожолун курууга көзөмөл жүргүзүү.  2018-жылдын январь-мартында тандалып алынган кеңеш берүүчү компания менен контракттык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.  тандап алынган кеңеш берүүчү компанмянын техникалык тапшырмасына Балыкчы-Боконбаево-Каракол автожолунун түштүк участкасы үчүн ТЭНди иштеп чыгуу кошумча киргизилген.

Каракол – Балыкчи (түштүк жээги) автожолун кайра курууну каржылоо боюнча Дүйнөлүк Банк менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Негизинен, ЖКЖП БА-3 каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоорун  Дүйнөлүк Банктын Директорлор Кеңешинин караштыруусу 2018-жылдын 13-июнуна пландаштырылган.

Макулдашууга кол коюу — 5 сентябрь,  2018-жыл. Долбоорду 2018 жылдан 2013-жылга чейинки мезгилде ишке ашыруу пландаштырылууда.

За I квартал 2018-жылдын 1 кварталында Ош-Баткен-Исфана автожолунун 28 ден 75 км ге чейин участкасын калыбына келтирүүнү караштырган “Эл аралык маанидеги жолдорду калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында ТЭНди, деталдык дизайнды жана курулушка көзөмөл жүргүзүүнү даярдоо боюнча кеңеш берүүчү компанияны тандоо боюнча тендердик процедурпалар аяктады. Ошондой эле, бул долбоордун алкагында  иштеп турган Бишкек-Ош автожолунда, тактап айтканда, 400,1 – 400,8 км (тоннель болжолдуу курулчу), 409 км де (таш түшүүдөн коргоону куруу), 451 км (жер көчкүдөн таяныч дубалдарын куруу) жаратылыш кырсыктарын жоюу боюнча иш-чаралар ишке ашырылды.

Пресс-кызмат

img_3618 img_3622 img_3625 img_3628 img_3632