mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Кыргыз темир жолу” ишканасы: Жолчулардын кайрылуусундагы маалымат чындыкка дал келбейт

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы Бишкек-Самара багытындагы темир жол кырсыгына байланыштуу билдирүү таратып, социалдык тармактарда тараган жолчулардын кайрылуусундагы маалыматты төгүндөдү. Ага ылайык, кырсык катталган соң дароо ишкана “Казакстан темир жолуна” ыкчам байланышка чыгып, тиешелүү жардам көрсөтүлгөн. Жаракат алып, ооруканага жаткандар болгон эмес. Ал эми кырсыкка кабылган 3 вагондон башка бөлүгү каттамды андан ары уланткан.

Ишкананын кызматкерлери 6-мартта рельстен чыккан вагондорго байлананыштуу маселелерди чечүү үчүн Казакстанга барышкан. Эртеси ал жакта калган кызматкерлер менен жолугуп, эч кандай нараазычылыктар жаралган эмес. Узатуучулардын вагону жылуулук жана суу менен камсыздалганы маалымдалып, иш сапар акылары берилген, мындан тышкары маяналары эсептеле берери белгиленген.

Актөбе транспорттук полициясынын маалыматына ылайык, аталган поездде аткезчилик товарлары жана билетсиз эки жүргүнчү баратканы аныкталгандыктан, кайрылууну жаздырган поезд башчысы Чолпон Асанованы иштен алуу маселеси каралып жатканы кошумчаланган.

Эске салсак, 5-мартта саат 10:20да (Астана убактысы менен) Казакстан темир жолунун Шалкар-Жем аралыгындагы Бершугир бекетинде (Батыш Казакстан облусу, Актөбе шаарына жакын) маневр иштерин аткарып жаткан тепловоз, өтүп бара жаткан №317 Бишкек – Самара жүргүнчү поездин капталынан сүзүп, рельстен чыгарып жиберген. Жалпысынан поездде 229 жүргүнчү болгон, жабыркагандар катталган эмес. Иштен чыккан вагондордогу жүргүнчүлөр, өз убагында башка вагондорго орун берилип которулган. Поезд саат 16:57де жолун уланткан.