mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жардырылган ,Көк-Таш-Аксай-Тамдык унаа жолунун 7 чакырымындагы Дача-Чайхана тилкесинде жайгашкан 36 метрлик көпүрө унаалар үчүн ачылды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жардырылган ,Көк-Таш-Аксай-Тамдык унаа жолунун 7 чакырымындагы Дача-Чайхана тилкесинде жайгашкан 36 метрлик көпүрө унаалар үчүн ачылды. Көпүрөнү калыбына келтирүүгө 7 даана атайын техника тартылган. Учурда жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн убактылуу өтмөк жол ачылды.Баткен облусундагы жолдорду оңдоо, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү маселелерин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Т.Тиллаев координациялоодо. Маалым болгондой, 2022-жылдын 17-сентябрында тажик аскерлери Көк-Таш-Аксай-Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында Дача-Чайхана тилкесинде Ак-Суу дарыясы аркылуу өткөн 36 метрлик көпүрөнү жардырышкан.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы