mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын ардагери Козубеков Кубанычбек Уметовичдин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 80-жылдык юбилейи болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана комуникациялар министринин орун басары Солтобаев Талантбек Осмонбекович Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын ардагери Козубеков Кубанычбек Уметовичдин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болуп өткөн 80-жылдык юбилейи менен куттуктады.
Өз сөзүндө Министрдин орун басары ардагерди өлкөнүн жарандык авиациясына кызмат кылууга арнап, анын өнүгүшүнө зор салым кошуп келгендигин белгилеп, эмгек жолуда катардагы адистен, учактардын командирине чейин жетип, ар түрдүү жетекчилик кызматтарды аркаладыңыз. Чет элдик авиациялык техникаларды өздөштүрүүгө, “Манас” аэропортунун эл аралык аэропорт катары калыптанып, инфраструктурасынын жакшырышына кошкон салымын белгиледи.
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө жарандык авиация тармагындагы адистерди даярдоодо жана алардын квалификациясын жогорулатууда эл аралык заманбап стандарттарды жана усулдарды колдонуп окутуу ишмердиги менен алектенип келе жаткандыгын айтып, өз мекенинин патриоту жана тармакта көптөгөн адистерди тарбиялаган устат бойдон кала бере тургандыгын айтты.
Сөзүнүн аягында ардактуу ардагерге ден-соолук, бакубат жашоо, ишиние ийгилик жана узун өмүр каалады.