mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдорунда жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө 2022-жылдын жай мезгилинде убактылуу чектөө киргизилди

«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле,  алардын пайдалануу мөөнөтүн жогорулатуу максатында жана 2022-жылдын 2-июнунан 1-сентябрына чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогорку температурага жеткенде Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу чыккан.             Бул мезгилде максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер жана суу транспорту департаменти (мындан ары – Транспорт департаменти), ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн чектөөлөр мезгилинде транспорт каражаттарын транспорттук контролдоо пункттары аркылуу өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алышсын.             Ошондой эле, Транспорт департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүк ташуу менен алектенген жеке жана юридикалык жактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана айдоочулар тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөрдү сактоосун көзөмөлдөө зарыл.            Буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментине жана “Кыргызавтожолдор” мамлекеттик ишканасына жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерине ылайык жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салуучу  (3.4-пункт),  жүк огун чектөөчү тийиштүү жол белгилерин (3.12-пункт) жана чектөөнүн мөөнөтүн (8.5.4-8.5.7-пункттары) орнотуу тапшырылды.  Бул буйрук төмөнкү унааларга жайылтылбайт:- жүргүнчүлөрдү ташуу;- гуманитардык жардамды жеткирүү үчүн ташууларды жүргүзүү;тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана коркунучтуу жүктөрдү ташуу;- атайын берилген уруксаттын негизинде көлөмдүү жана оор жүктөрдү ташуу;- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого, реабилитациялоого жана күтүүгө тартылган жол башкаруучулары жана подряддык уюмдары,  аларга бекитилип берилген аймактарда  жол иштерин жана өтүүчү жолдорду курууну  жүргүзүшөт.              Бул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Башкы башкармалыгына билдирүү  үчүн  жана өз компетенциясынын чегинде Транспорт департаментине ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүлдү.

МТБнын басма сөз кызматы