mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги өлкөнүн түштүк аймагында жаңы долбоорду ишке ашырууну баштоодо

img_3457 img_3456 img_3444

Бүгүн Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги “Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыктардын алдын алуу жана Ош-Баткен-Исфана унаа жолун реконструкциялоо” долбоору алкагында аталган долбоорду көзөмөлдөө жана так долбоорду даярдоо боюнча консультаттык кызматтарды көрсөтүүчү эл аралык консультант менен келишимге кол койду.

 

Эл аралык консультант биргелешкен ишканадан туруп, курамына япониянын бир канча компаниялары кирет — Central Consultant Inc., Nippon Koei Co., Ltd, CTI Engineering International Co. Ltd. жана Earth System Science Co., Ltd.

 

Кол коюлган келишимдин алкагында эл аралык консультант долбоордун жол бөлүктөрүнүн так долбоорун, экологиялык жана социалдык коргоо чаралары боюнча документтерди, подрядчикти тандап алуу боюнча тендердик документтерди даярдайт, подрядчикти тандап алууда көмөктөшөт жана крулуш иштерин көзөмөлдөйт. Консультациялык кызмат 2018-жылдын 18-майынан 2023-жылдын ноябрына чейин уланат.

 

“Бишкек-Ош унаа жолунда табигий кырсыктардын алдын алуу жана Ош-Баткен-Исфана унаа жолун реконструкциялоо” долбоору Япон эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) тарабынан каржыланып жатат. Долбоордун жалпы наркы 13,642 млрд. япон йени, кредиттик келишимге кол коюлуп жаткан убакта бул сумма 133,58 млн. АКШ долларын барабар эле. JICA ушул каражаттын эсебинен долбоорду ишке ашырууга 11,915 млрд. япон йенин (116,47 млн. АКШ долларын) бөлдү. Япония тарап насыяны 40 жылдык мөөнөткө 0,1 пайыз үстөгү менен 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөттө берген.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн долбоор алкагындагы кош каржылоосу 1, 727 млрд. япон йенин ($ 16,88 млн. АКШ долларын) түзөт.

 

Долбоордун алкагында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 28 чакырымдан 75 чакырымга чейинки бөлүгү реабилитацияланылат жана Бишкек-Ош унаа жолунун аябай кооптуу бөлүктөрүндө табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн инженердик-сактоочу курулуштары, атап айтканда туннель, таштардын кулап түшүүсүнөн сактоочу курулуштар жана жер көчкүдөн сактоочу тиреп туруучу дубалдар курулат.

 

Долбоордун өзгөчөлүгү — алдыңкы япон технологиялары жана ошондой эле сейсмикалык туруктуулугун долбоорлоо боюнча япон стандарттары колдонулат.

 

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги долбоордун алкагындагы курулуш иштерин 2020-жылы баштайт, ал эми долбоор 2023-жылы бүткөрүлөт.