mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги Кыргызстан менен Россиянын транспорт жана темир жол администрацияларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу боюнча

ПРЕСС-РЕЛИЗ
2019-жылдын 28-марты

2019-жылдын 28-мартында Россия Федерациясынын Президенти В.В. Путиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Россиянын транспорт жана темир жол администрацияларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Бул Меморандум темир жол транспорту чөйрөсүндөгү кыргыз-россия кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана тереӊдетүүгө багытталган.
Мурдараак маалымдалгандай, Кыргызстан менен Россиянын мамлекет башчыларынын тапшырмасы боюнча эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жана катыштыгы бар уюмдар тарабынан, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» жана «Түндүк-Түштүк» темир жолдорунун курулушун кошуу менен, Кыргыз Республикасынын аймагындагы темир жол тармактарын этаптуу өнүктүрүү долбоорлорунун болжолдуу техника-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгуу боюнча биргелешкен жумуштар жүргүзүлүүдө.
Аталган долбоорлор Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына киргизилген жана өлкөнүн аймагында бирдиктүү темир жол тармагын түзүүгө негизделген.
Каралып жаткан инвестициялык долбоорлорду комплекстүү ишке ашыруу, республиканын транзиттик потенциалын ачууга гана эмес, толук ички темир жол инфраструктурасын жайылтууга мүмкүндүк берет. Өлкөнүн аймагында темир жол тармактарын калыптандыруу жана өнүктүрүү аралаш тармактарга мультипликативдик натыйжалуу жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоӊ түрткү болмокчу.
Жетишилген жыйынтыктарды бекемдөө жана мындан аркы иштерди уюштуруу максатында, тараптар кызматташтык жөнүндө тийиштүү Меморандумду түзүү тууралуу чечим кабыл алышты. Болжолдуу ТЭНди иштеп чыгуунун жүрүшүндө бир катар техника-экономикалык маселелерди чечүүнүн алкагында, темир жолдорду куруу долбоорлору боюнча көп тараптуу консультациялардын форматын кеӊейтүү мүмкүнчүлүгү каралат.
Андан тышкары, биргелешкен иштер аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагындагы темир жол тармактарын этаптуу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда өз ара пайдалуу экономикалык чечимдерди жана сунуштарды иштеп чыгуу болжолдонууда.