mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги Карыялар күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги Карыялар күнү менен куттуктап, тармактын ардагерлерин чакырып куттуктоо сѳздѳрун айтышты. Аталган мааракеге тармактагы жолчулар, транспорт жана башка кызматкерлер чакырылды. Карыяларды куттуктап Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев куттуктады.

Статс-катсы Э. Мамыркалиевдин сѳзү

Урматтуу карыялар,
Аксакалдуу аталар жана ак элечектүү апалар!

Сиздерди 1-октябрь — Эл аралык карылар күнү менен куттуктайм!
Бул датаны 1990-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына кошкон эле. Көптөгөн кылымдардан бери кыргыз калкы өз карыларын кастарлап жогору коюп, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келгендигин нускалуу тарыхыбыз таамай айгинелеп турат.
Бекеринен «Карысы бардын – ырысы бар», «Карынын кебин капка сал», «Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка» деген сыяктуу макал-лакаптар жашап, алар улуу муунду кадырлоонун уңгулуу катары калкыбыздын аң-сезиминде бекем орнобосо керек.
Өзүнүздөргө кеңири маалым болгондой, транспорт жана жол чарба тармагын өнүктүрүү маселелери Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шарипочив жана Өкмөт тарабынан орчундуу көңүл бурулуп, акыркы жылдарда чоң финансалык колдоо көрсөтүлүп, тармактын өнүгүүсүнө жакшы шарттар түзүлө баштады. Баса белгилеп айта кетчү нерсе. Жол тармагын жакшыртууга 2,1 млрд АКШ долларына эл аралык 2500км жол курулду.
Өлкөбүздө өнүккөн автобустук маршруттардын тармагы калыптанды. Жолчулардын талыкпас эмгеги менен жаңы заманбап автотрассалар курулду. Ѳткѳн жылы Жалпы инвестициялык жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен 346,5км асфальт тѳшѳлсѳ быйыл ушул жылдан кем болбогондой жол курулуп атат. Бишкек – Ош автожолунун тоннелдер кызматынын Төө – Ашуу, Кара – Көл постторуна автоматташтырылган электрондук шлагбаумдар орнотулду.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги эл аралык транспорт коридорлорун куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Айтып кетсем, Ош-Сарыташ-Иркештам, Сары-Таш-Карамык Бишкек – Нарын – Торугарт, Тараз – Талас- Суусамыр эл аралык жолун реабилитациялоо иштери толугу менен аяктады. Ош – Баткен – Исфана жана, Бишкек – Кара — Балта жолдорун реабилитациялоо иштери белгиленген мөөнөттөрдө аткарылууда. Быйылкы жылы Түндүк – Түштүк стратегиялык автожолундагы туннель 70% казылып бүттү, эстакадный кѳпүрѳнүн бири 90% экинчиси 70% пайызга аяктады. Чек ара аймактарында жашаган калкыбыздын транспорттук коопсуздугун камсыздоо маселелерине да көңүл бурулуп Баткен областынын Лейлек районунда, Исфана – Кайрагач жол бөлүгү реабилитацияланып, Тажикстан аймагын айланып өтүүчү жол камсыздалды. Учурда Баткендеги чек арадагы жолдордо кѳз карандысыз жол каттамын камсыз кылуу максатында бир катар жолдор курулууда.
Мындан тышкары Ысык-Көл транспорттук айланма жолунун долбоорун ишке ашыруу максатында, жол куруу иштери башталганы турат. Аталган жол заманбап, туристик агымга туура келчу веложолу менен курулмакчы. Ошогдой эле Түп — Кеген унаа жолунун калган бөлүгүн Казакстанга чейин реабилитациялоо пландаштырууда. Ал эми мамлекеттин ѳз күчү менен Балыкчы – Чолпон – Ата – Корумду жолун реабилитациялоо иштери кызуу улантылууда. Авитар тармакта ѳзүнүздѳр күбѳ болгондой Кербен, Исфана аэропорттору реконструкцияланып, Ош аэропортунун учуп-конуу тилкеси 400 мертге узартылды. Ошондой эле жаңы авикомпаниялар келип Шарджа-Бишкек каттамдары ачылды. Ал эми кара тизмеден чыгуу боюнча алгылыктуу жумуштар жүруп жатат.
Темир жол тармагында да алгылыктуу иштер журуп атат. Учурда Кытай –Кыргызстан-Ѳзбекистан темир жолун куруу иши жүруп жатат. Туристик мезгилде жүргунчүлѳрдү ташуучу Ташкент- станция –Рыбачи каттамы жүрүп жатат. Ѳзбекстан аркылуу түштүк жергезине 30пайыздык жүк ташууга арзандатуу берилди. Ал эми жургүнчүлѳрдү ташууба Бишкек-Москва каттамында 25пайыздык арзандатуу каралууда.
Урматтуу биздин ветерандар! Сиздердин туптѳгѳн жолду улап, келечектеги муундарга татыктуу ѳткѳрүп берүүдѳ таалыкпай иштеп жатабыз. Урматтуу аталар жана апалар, сиздердин чыдамдуулук, токтоолук, сабырдуулук касиет-сапаттарыңар жалпы элибизге жакшы жашооңуздарды арнап өлкөбүздүн келечеги үчүн жол ачканыңыздарга таазым. Ар дайым бар болуңуздар!