mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Жолдор министри Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата бир катар Ардак грамоталарды ыйгарды

Бүгүн 2017 жылдын 30- августунда Эгемендүүлүктүн алдында  Министр Ж.Калилов Министрликтин жамаатын алдыдагы Эгемендүүлүктүн 26 жылдык майрамы  менен куттуктап,  иштерине ийгилик жана ден соолук каалап ѳттү.  Ошону менен катар Ѳкмѳттун № 347 буйругунун  негизинде Экономика жана финансы бѳлүмүнүн жетекчиси Дүйебаев Алмаз Жанышбековичти жана  «Кыргыз Темир жолу»  мамлекеттик ишканасынын филиалынын жетекчисинин орун басары Жолдошалиев Ызатбек Сулаймановичти   кызматтык милдеттерин  ак ниет аткаргандыгы, кызматтык ишинде жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн жана «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикалык конституциялык Мыйзамынын 18 беренесинин негизинде сыйланды.

Мындан тышкары Эл аралык жолчулар кеңешинин ардактуу медалы менен Чайна Роуд компаниясынын Кыргыз Республикасынындагы туруктуу ѳкүлү господин Чжан Цзюньу сыйланды.  Кыргыз Республикасынын Премьер- министринин эңчил сааты менен  ОсОО« Кыргыз жол курулуштун» генералдык директору Исагалиев Мирланга тапшырылды.

21618416_1246765872135293_202329352_o 21618515_1246769575468256_987252271_o 21684291_1246765862135294_1817788434_oПресс-кызмат
21617021_1246765855468628_313834099_o