mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2018-жылдагы иштеринин жыйынтыгы жана 2019- жылга милдеттери жөнүндө маалымкат

Кыргыз  Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги отчеттук мезгилде транспорттун жана жол тармагынын бардык түрлөрүнүн  мамлекеттик стратегиялык документтерге жана өнүгүүнүн тармактык программаларына, 2018-жылдын                      10-январындагы №2 “2018-жылды – Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жарлыгына жана 29.03.2018-жылдагы  №107-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилген  “Региондорду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына жана 2018-2022-жж. Кыргыз Республикасынын регионалдык саясатынын Концепциясына”, 30.08.2018 –жылдагы № 413  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасын ишке ашыруу боюнча 2018-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планына, Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри бекиткен Кыргыз  Республикасынын Транспорт жана жол министринин 2018-жылга иш-аракет/милдеттенмелер планына жана 2018-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдыга койгон жана башка приоритеттерге жана милдеттенмелерге ылайык туруктуу иштөөсүн камсыздады.

Кыргыз  Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан  “2018-2040-жылдарга КРнын Улуттук Өнүгүү Стратегиясынын узак мөөнөттөгү долбоорун иштеп чыгуу боюнча” активдүү иштер жүргүзүлдү, анда “Транспорттук инфраструктура” бөлүмү боюнча секторду өнүктүрүү приоритеттери боюнча сунуштар киргизилди. Бөлүмдү даярдоо боюнча, ошондой эле перспективдүү инвестициялык долбоорлорду даярдоо боюнча иштер жүргүзүлдү, долбоор коомдук талкууга чыгарылды, министрликтин сайтында жайгаштырылды, министрликтердин, ведомстволордун, ТжЖМнин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнүн, коомдук уюмдардын, транспорт ассоциацияларынын жана ММКнын өкүлдөрүнүн катышуусу менен коомдук угуулар өткөрүлдү.

2018-жылдын 10-январындагы №2 “2018-жылды – Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жарлыгын жана 2018-2022-жж. Региондорду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын аткаруу үчүн Министрлик тарабынан 13 милдеттенме жана иш-чаралардан турган Иш-чаралар планын аткаруу боюнча иштер жүрүп жатат, анын ичинен жол тармагы боюнча – 11, автомобиль транспорту боюнча – 1 жана жарандык авиация боюнча – 1. 2018-жылдын жыйынтыгындагы Иш-чаралар планы боюнча 2 иш-чара аткарылды, калган иш-чаралар ишке ашыруу процессинде турушат. Иш-чараларды аяктоо мөөнөттөрү 2019-2022-жылдарга  караштырылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасын ишке ашыруу боюнча 2018-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын аткаруу

              Иш-чаралар планынын алкагында министрликтин алдына 12 милдеттенме жана 35 иш-чара коюлган, анын ичинен жол тармагы боюнча 7 милдеттенме жана 18 иш-чара, автомобиль транспорту боюнча 2 милдеттенме жана 2 иш-чара, жарандык авиация боюнча 3 милдеттенме жана 15 иш-чара коюлган. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 24 иш-чара толук көлөмдө аткарылды, жарым-жартылай 9 иш-чара аткарылды, 1 иш-чара аткарылган жок. Аткаруу деңгээли 97,1% түзөт.

Жол тармагы 

  1. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттардын эсебинен автомобиль жолдорундагы капиталдык жана орточо ремонттоо боюнча аткарылган иштер боюнча:

— асфальт-бетон катмарын төшөө, капиталдык салымдар беренесин эске алуу менен —  251,2 км, анын ичинде: «Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду» автомобиль жолу- 52,0 км, мамлекеттин региондорду өнүктүрүү алкагында  – 82,4 км, (120 км дин ордуна аткаруу 68,6% түздү, бул 2018-жылдын сентябрь айында кечигип каржылоодон улам  болду).

— автожолдорду бодурлоо (ШПО) — 130 км;

— карашагыл төшөө — 13,9 км;

— шагыл төшөө — 110,9 км;

— курулган көпүрөлөр — 14 даана.

  1. Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка жана Кара-Көл төлөмду кабыл алуу пункттарында тоннелдер аркылуу өтүү үчүн төлөмду кабыл алуунун автоматташтырылган системасы ишке киргизилди. Система Сосновка жана Кара-Көл төлөмду кабыл алуу пункттарында төлөм терминалдарын, видеокамераларды жана автоматтык шлагбаумдарды колдонуу менен иштейт. Мындан сырткары бул пункттарда акы төлөө картасы менен нак эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн ААК РСК-Банк тарабынан берилген 12-пос-терминал иштеп жатат. Азыркы учурда Бишкек-Ош автомобиль жолунун Мамлекеттик дирекциясынын борбордук аппаратында Система аркылуу онлайн-мониторинг жүргүзүү жана  ар бир пункт боюнча мезгил, унаалардын категорияларынын жана мамлекеттик номерлери  боюнча отчетторду түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул системаны жайылтуу келечекте  акы-төлөмдөрдү 1,5 эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт (азыркы убакта бир жылда болжол менен 60,0 млн.сом болсо, 2019-жылдан баштап 90,0 млн.сомго чейин көбөйүү күтүлүүдө)
  2. 2018-жылы жалпы узундугу 907 км жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун паспорттоштуруу жүргүзүлдү, анын ичинен:

— Чүй  областы  — 604 км;

— Бишкек –Ош АЖМД автомобиль жолдору  — 303км.

  1. «Коопсуз шаар» долбоорунун 1-этапынын алкагында, 2019-жылдын 12-февралынан тартып аппаратык-программадагы комплекстер (кыскача-АПК) өндүрүштүк режимде Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн кесилишинин 10-пунктуна жана Бишкек-Ош и Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолдорунун 17-пунктарына орнотулуп иштей баштайт. Мындан сырткары, Бишкек-Чалдовар, Бишкек-Кордай, Бишкек-Торугарт автомобиль жолдорунун 48 участокторуна АПК комплекстери орнотулушу күтүлүүдө.

Азыркы учурда, аталган долбоорлдун 1-этапында жол тейлөө мекмелери тарабынан АПК орнотула турган пунктардын эки жагынан 100-150 метр аралыктарга жол сызыктары (дорожная разметка) аткарылып, ошондой эле АПК комплекстери  тууралуу жол белгилери  орнотулган.

Инвестициялык долбоорлор. 2018-жылы баардык инвестициялык долбоорлор боюнча курулуш жумуштары улантылган.

Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолундагы тоннелди казуу боюнча, түштүк порталында– 762 метр, штольня – 899 метр, түндүк порталында – 1353 метр, штольня – 1729 метр иштери аткарылган.

Долбоор участкасында жалпы узундугу 1472 км 2 эстакадалык көпүрө курулууда:

  1. 282 км-деги эстакадалык көпүрө, узундугу 1076м, андагы 76 сваянын ичинен 65 куюлду, мындан тышкары бийиктиги 15 метр болгон 23 таянычы көтөрүлүүдө, 1 таяныч бүтүрүлдү. 19 төрт бурчтук балка бетондолду;
  2. 285 км-деги узундугу 396 метр болгон Эстакадалык көпүрө, 38 сваянын ичинен баардыгы бүткөрүлдү жана орто бийиктиктеги 20 метр болгон баардык 19 таянычы көтөрүлдү, 53 төрт бурчтук балка бетондолду.

Ошондой эле , 28 балка орнотулду (7 пролет, 150 метр).

БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу Бишкек-Ош автожолу, 4-Фаза Бишкек-Кара-Балта участогу боюнча. 2018-жылдын жылдын жыйынтыгы менен аталган проекттик участокто курулуш иштери улантылып, аткарылган иштердин көлөмү 14 пайызды түзгөн.  Ошондой эле, кара шагыл төшөө жумуштары, жалпы узундугу 9,5 км жана алдынкы асфальтобетон катмары төшөлгөн, жалпы узундугу 3,5 км.

Ош-Баткен-Исфана унаа жолун реконструкциялоо алкагында Баткен-Кызыл-Бел, Баткен-Төрткүл, Исфана-Сүлүктү жана Кольцо-Кайрагач жол бөлүктөрүндө курулуш иштери аяктады.

Узундугу 10 чакырымды түзгөн Сүлүктү-Кольцо жол бөлүгүндө курулуш иштери бүтө элек. 3 чакырымга жолдун төмөнкү жана үстүнкү шагыл катмары жана асфальттын төмөнкү катмары төшөлдү. 2019-жылдын курулуш сезонунда калган 7 чакырымга асфальт төшөлөт.

“Жалал-Абад – Маданият” реабилитациялоо автожолдору мобилизация жумуштары башталды.

Региондорду өнүктүрүү жылы алкагында Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 272-365 чакырымын реконструкциялоо долбоорунан үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Нарын облусунун Нарын жана Кочкор райондорундагы айылдардын ички жолдоруна 29,8 чакырым асфальтбетон катмары төшөлдү.

Ошону менен бирге, Бишкек-Карабалта жана Ош-Баткен-Исфана автожолдорун реабилитация долбоорлорунда курулуш иштеринде артта калуулар бар.

Ошондой эле белгилейбиз, Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 чакырымын реконструкциялоо долбоору боюнча болгон курулуш иштердин 2018-жылдын планынан 12% артта калуусу Подрядчынын начар башкаруусуна байланыштуу, 2018-жылдын 13-декабрында Ислам өнүктүрүү банкынын Миссиясынын катышуусу менен Подрядчы тарабынан Иш-чаралардын планына кол коюулуп, Подрядчы курулуш жумуштарын белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү милдет алган. Ошондуктан, азыркы учурда Подрядчы жогоруда көрсөтүлгөн артта калууну жоюуда. Андан сырткары, азыркы учурда Консультант тарабынан кошумча жумуштарды аткаруу үчүн курулуш иштеринин келишимине өзгөртүү жана курулуш иштерин аяктоо мөөнөтүн узартуу боюнча буйрук даярдалып жатат.

 

Автомобиль транспорту боюнча

  1. 2018-жылы кыргыз автоташуучулары тарабынан 127364 рейстер аткарылды жана 1681294 тонна жүк ташылды былтыркы жылга караганда тиешелүү түрдө 143,1% жана 137,6% көп. 2017-жылдын ушул эле мезгили үчүн кыргыз автоташуучулары тарабынан 88971 рейстер аткарылган жана 1221439 тонна жүк ташылган.
  2. Кыргыз Республикасы боюнча бардыгы 1829 калктуу конуштар бар, ичинен маршруттук каттам менен 1600 калктуу конуштар камтылган, 229 ар кандай себептер менен камтылган эмес (жол шарттардын жоктугу жүргүнчүлөрдүн агымы, рентабенттүүлүксүз). 2018-жылы өлкөнүн региондорун өнүктүрүүнүн алкагында региондордо жаңыдан 16 автобустук каттамдар ачылган жана 26сы калыбына келтирилген
  3. Транспорттук контролдоо пункттарында “Электрондук транспорттук контролдоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы орнотулган, ал адамдык факторду минималдаштырууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле ТКПда КР ТЖМде орнотулган борбордук сервер аркылуу инспектордук курамдын ишине мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
  4. Дүйнөлүк банктын эсебинен 5 ТПКысында Betamont (СДВК Betamont) динамикалык салмак-габариттик контролдоо системасы орнотулган.

«Жаңы-Арык», «Көк-Талаа» жана «Каратай» ТПКыларында бардык курулуш иштери белгиленген мөөнөттө бүткөн, СДВК Betamont тест режиминде иштейт. Калган Betamont системасы менен жабдылган «Сосновка» жана «Кемин» эки посту ишин кадимки режимде жүзөгө ашырат.

«Сосновка» жана  «Кемин» эки ТКПна СККД (СДВК) киргизгенден кийин каражаттардын келип түшүүлөрү мурдагы жылдарга караганда 6,1 млн. сом эсебинде көбөйгөн.

Темир жол транспорту

  1. Жүк ташууну көбөйтүү максатында “Кыргыз темир жолу” УК” МИси менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан “Кыргыз темир жолу” УК” МИсине 150 бирдик универсалдуу полувагон сатып алууга жалпы суммасында 8 380 800 АКШ долларында акча каражаттары берилген.

2019-жылы “Кыргыз темир жолу” УК” МИсине «ЗИКСТО» АКысынан (Казакстан Республикасы) 150 даана вагондор келип түшкөн жана багыты боюнча колдонулууда.

  1. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча темир жолдун үстүңкү курулушунун 24,1 км жаңыланды.
  2. 2019-жылы туризмди өнүктүрүү максатында «Ташкент-Балыкчы» сезондук каттамы ачылган.
  3. «Бишкек-Карабалта» автожолун реабилитациялоо учурда ыңгайсыз маселелерди чечүү максатында, «Бишкек-Карабалта» шаар четиндеги каттам ачылган.

 

Жарандык авиация

  1. КР Өкмөтү менен Эл аралык кызматташтык Япон агенттинин (JICA) ортосунда 26-октябрь, 2015-жылы  кол коюлган “Манас” аэропортунун жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашуунун алкагында навигациялык жабдуу орнотулган жана жер бетиндеги атайын техника өткөрүп берилген. Долбоордун алкагында башкы аба гаваны жалпы суммасы 1 489 346 000 япон  йенине навигациялык жабдуу жана жер бетиндеги атайын техника менен жабдылды.
  2. Аба боштугунун бешинчи деңгээли саясатын киргизүүнү бир тараптуу тартипте караштырган “КР Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы кабыл алынды.
  3. Кыргыз Республикасын  ЕБ авиакомпанияларынын “Кара тизмесинен” чыгаруу боюнча атайын иш-аракеттер планына ылайык 2018-жылдын 31-декабрындагы абал боюнча түзөтүүчү иш-чаралардын планы 96% аткарылды.

Ошону менен бирге белгилейбиз, 2018-жылы  “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык.” КР Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча 41-пункт аткарылган эмес “Тундук-Туштук альтернативдик автожолунун, 3-фазасынын 159-183км (Дыйкан а.-Кызыл-Жылдыз а.)” курулуш долбоору боюнча подряддык компанияны тандоону аякталышы жана жол- курулуш техникаларын мобилизациялоону баштоо каралган болчу. Бирок, бүгүнкү күндө Ислам өнүктүрүү банк тарабынан подряддык компаниялардын алдын ала квалификациялоо жөнүндө баа берүү отчетун көп убакта кароосуна байланыштуу подряддык компанияны тандоо боюнча процедуралары кармалууда. Министрлик тарабынан бир нече жолу донорлорго жогоруда аталган отчетту жактыруу боюнча каттар жөнөтүлгөн.

Мындан сырткары, БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу Бишкек-Ош автожолу, 4-Фаза Бишкек-Кара-Балта участогу боюнча  жумуш тартибинен кечигип жатат, Сүлүктү-Кольцо жол бөлүгүндө курулуш иштери графиктен артта (ДБ ИДИАТ), «Чолпон-Ата» аэропортунун аэродромунун  периметри боюнча тосмонун курулушунда кечиктирүү болуп жатат, «Кербен» («МАМ»ААК) аэровокзалынын имаратын кайра куруу аяктай элек.

 

Пресс-кызмат