mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасын

Директор: Жумабаев Максат Турумбекевич

г. Бишкек, ул. Чимкент 1, Кыргызская Республика

Тел.: +996(312) 344704
Факс:+996(312) 642327
Тел. доверия: +996(312) 344704

 

Станциялык жайларда жүргүнчүлөргө, ташуучуларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, рационалдуу транспорттук системаны калыптандыруу, транспорт саясатын натыйжалуу жана максаттуу жүргүзүү үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. «Бишкек автовокзалы», «Чыгыш автовокзалы», «Ош областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы», «Жалал-Абад областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы», «Ысык-Көл областтык автобекеттер жана автокассалар ишканасы», «Талас областтык автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар ишканасы», «Нарын областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы» мамлекеттик ишканалары бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы болуп өзгөртүп уюштурулсун.
  2. «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалардын укук улантуучусу болуп эсептеле тургандыгы аныкталсын.
  3. «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын уставытиркемеге ылайык бекитилсин.
  4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүүнү караштырган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;

— ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн;

— өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

— ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп уюштуруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүү актысын бекитсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 463 «Бишкек автовокзалы» мамлекеттик ишканасынын уставынбекитүү жөнүндө» токтомукүчүн жоготту деп таанылсын.