mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тейлеген жолдордо курулуш жана оңдоо иштери уланууда

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тейлеген жолдордо курулуш жана оңдоо иштери уланууда, ошондой эле жол четтери таштандыдан тазаланууда. Ведомствонун жолчулар жол белгилерин сырдап иретке келтирүүдө.
Министриликтин бөлүмдөрү жана структуралык мекемелери республиканын өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарында мүмкүн болушунча аралыктан иштөөгө өтүштү. Ал эми аралыктан иштөөгө мүмкүн болбогон жумушчулар бардык санитардык нормаларды сактоо менен иш алып барууда.
Адистер санитардык нормалар тууралуу инструктаж өткөрүшүүдө.
Бардык кызматтарда кезмет уюштурулуп, министрликтин жергиликтүү бөлүм башчылары, атуулдук коргоо штабы, комендант менен иш алып барышууда.