mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги алдындагы «Кыргызавтобекети» мамлекеттик ишканасы санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча иш алып барууда

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги алдындагы «Кыргызавтобекети» мамлекеттик ишканасы санитардык- эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча, аймактарга каттаган унаалардын айдоочуларын медициналык жактан текшерип, унааларды дезинфекциядан өткөрүүдө.
Алгоритмге ылайык рейске чыгаар алдында айдоочулар медициналык көзөмөлдөн өтүп ураксаат алат, унаалар дезинфекцияланат, ал эми жүргүнчүлөрдүн саны жалпы орундан 60-70 пайызды түзөт.
Мындан тышкары, илдетти алдына алуу максатында, автобекеттин кассалары сыртка жайгаштырылган. Ошондой эле бекеттин имараты, жумушчу бөлмөлөр, тегерек чети дезинфекцияланууда.
Айдоочуларга санитардык- эпидемиялык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.