mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министлигинин байкоо кеңешинин жыйыны болуп өттү

2017 –жылдын 25- май айында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министлигинин катардагы байкоо кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бүгүнкү байкоо кеңештин отурумунда кыргыз Реуспубликасынын транспорт жана жолдор министрлигинин Авто–суу транспорт  агенттиги жана салмак көзөмөл пунтунун аткарылып жаткан иштери жөнүндө байкоо кеңешке маалымат берилди. Булл иш чарага министрликтин орун басары Азимкан  Жусубалиевтин жана байкоо кеңешинин төр агасы Талант Садакбаев, ошондой эле байкоо кеңештик мүчөлөрү, Авто–суу транспорт  агенттиги жана салмак көзөмөл пунтунун кызматкерлери катышышты.

Жыйындын башында агенттиктин директору Эмилбек Таштаналиев  доклады менен тааныштырды. Агенттикте  реорганизация болуп  министрликтин эки иш канасы кошулуп бир чон агенттик болгонун айтты. Транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобил жана суу транспорту мамлекеттик агенттиги менен Салмак көзөмөл департаменти кошулуп  бир агенттикти түзүлүп аткарган жумуштар алдыга жыла баштаганын баса билдирди. Департаменттин борбордук аппаратынын кызматкерлери өз каалосу менен арыз жазып жумуштарынан кетишти. Ал эми Авто транспорт жана суу транспорт  мамлекеттик  агенттиги болгондуктан борбордук аппараттагылар мамлекеттик кызматкерлери болот ал эми калган кызматкерлер эмгек макулдашуунун негизинде дайындалат.

Оор салмак көзөмөлдө пунктунун  аткарган жумушунун негизги максатты болуп жолду оор салмактан сакто жана акча чогултуу болуп саналат. Салмак көзөмөл пунктары мобилдүү иш алып баруусу үчүн аймактарга мобилдик топтор берилген. Алар ар бир аймактарда көзөмөл жүргузүп жолго болгон салмакты оордугун контрольго ала алышат. Мындан тышкары коррупция менен күрөшүү боюнча бир катар жумуштар аткарылып жатат. Коррупцияны жою максатында Өкмөттүн жардамы менен таразаларды онлайн режиминде карап туруучу  камералар коюлган. Камерадагы тартылган маалыматтар борбордук серверге келип түшөт. Ушул онлайн режимдин артынан коррупция менен күрөшүп жатабыз деп билдирди Эмилбек Таштаналиев.  Жыйындын аягында Байкоокеңештин өкүлдөрү менен талкуу иштери жүргүзүлдү.

Пресс- кызмат