mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол Чүй аймактык башкармалыгы облустагы медицина кызматкерлерин автобус менен камсыз кылышты

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш ɵлчɵм кɵзɵмɵлдɵɵ агенттигинин Чүй аймактык башкармалыгы облустагы медицина кызматкерлерин автобус менен камсыз кылышты. Башкармалык дарыгерлерди тейлɵɵ максатында 11 автобус бɵлүп берген.
Агенттиктин Чүй облусттук башкармалыгынын башчысы Курманбек Сыдыков 3-апрелден баштап облустагы ооруканаларда иштеген кызматкерлерди автобус эртен менен оруканаларга жеткирип, кечкисин алып кетип турат, эми үч автобус резервде, штабка зарыл болгон учурда дайым даярдыкта турат.
Ал эми автобустарга жана айдоочуларга атайын уруксаат берилүүчү документтер (пропуск) берилди. Айдоочулар бардык зарыл болгон коргоочу элементтер менен камсыздалышты.
КР ТжЖМ басма-сɵз кызматы